Мектептер кандай учурда аралыктан окууга өткөрүлөт?

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова учурда өлкө боюнча бардык мектептер салттуу тартипте иштеп жаткандыгын билдирди. Ал эми «омикрон» вирусунун катталышына байланыштуу алгоритмдерге ылайык бардык талаптар аткарылууда. Мектептерде маска тагуу тартиби киргизилди.

Министрликтин өкүлү “Эгер эпидемиологиялык кырдаал начарлап кетип, бир мектептен экиден ашык баладан инфекция аныкталса, анда ошол мектеп 2 аптага жабылат”,-деп билдирди.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-январдагы маалыматына караганда, вирустан бир адам каза болду. 12-январда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө вирустун «омикрон» штаммын жуктургандар катталганын жарыялаган. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 586 адамдан табылды.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст