"Эркин-Тоо"

Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда өтөт

Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине акыркы коңгуроо салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Билим берүү министрлиги буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!