"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Мектептерде француз тили үйрөтүлө баштайт

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда мектептерде француз тилин окутууну өнүктүрүү жана башталгыч кесиптик билим берүү багытындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Элчи француз тили сабагын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаса, министр мындай сааттарды тил жана гуманитардык багыттагы мектептерде киргизүүгө болорун белгиледи.

Ошондой эле тараптар кесиптик лицейлердин базасында француз ашканасын жана гиддик кесипти үйрөтүү боюнча курстарды уюштуруу сунушун карашты.

Жыйынтыгында, мектептерде француз тилин окутуу боюнча жаңы окуу программасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.