"Эркин-Тоо"

Мектептерде кыргыз тилинен сынак тапшырылат

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 35 жылдан ашты. Бирок, мамлекеттик тил өнүкпөй, арасатта калып жатышы кыргыз коомчулугундагы чоң көйгөйдүн бирине
айланганы чындык. Жакынкы жылдарда бийлик тарабынан кыргыз тилинин кадырын көтөрүү, колдонуу масштабын кеңейтүү боюнча көптөгөн аракеттер жасалды, бирок дагы деле кейиштүү абалдан чыга элек. Тармактык жетекчилер, министрликтер эне тилге болгон кайдыгерлигин көрсөтүп, мамлекет алдындагы чабалдыгын тастыкташууда.

Мурдагы жылы 17-июлда Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш болчу. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлүшү милдет катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилинде болушу шарт эле. Ошого катар, эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет. Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар киргизилген. Байкалып тургандай, мыйзамда баары так көрсөтүлүп, белгиленген. Тилекке каршы, мыйзам кабыл алынгандан бери эки жыл өтсө да жылыш байкала элек. Баягы эле үйрөнгөн адат менен иш кагаздарды расмий тилде жүргүзүп жатышат. Бул кайдыгерликке Министрлер Кабинети тарабынан тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп, катуу талап коюлушу керек. Антпесек, азыркы ааламдашуу доорунда эне тилге болгон шалаакы мамиле менен улуттун уңгусун курутуп алышыбыз мүмкүн.

Учурда дүйнө коомчулугунда улуттук өзөккө өзгөчө маани берилүүдө. Өз улутунун тилине болгон сый-урмат дагы күчөдү. Россияда мигранттардын өзүнөн гана эмес, мектепте окуган балдарынан бери орус тилин талап кылууда. 1-апрелден тарта орус тилин билбеген балдарды мектепке жана бала бакчага кабыл албай турган болушууда. Кошуна өлкөлөрдө дагы мамлекеттик тилди эң башкы позицияга чыгарышып, казак, өзбек, тажиктер өз тилин жогорку деңгээлге чыгарып алышты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биз гана тил маселесинде чабалдыгыбызды көрсөтүүдөбүз. Муну ар бир кыргыздын кайдыгерлигинен да байкасак болот. Элдин маанайы бийликтеги жетекчилерге чагылышып, кыргыз тили арабөк абалда калып жатат. Биз эне тилге болгон сезимди ойготуп, мекенчилдикти тилибизге болгон сый-урматтан баштай турган кезге жеттик. Океандай болгон Манасты жараткан тилибиз бизди кылымдар бою өзүнчө улут катары калыптандырып, наркыбызды, салтыбызды сактап келди. Тилден ажырасак, биз баарын жоготобуз. Андыктан, келечекти дагы азыркы эне тилибиз менен түзүшүбүз кажет. Кыргыз тили — тарбиялоо, окутуу, илим-билим берүү, идеологиялык милдеттерин толук аткара алат, андан эч кимде күмөн жаратышы мүмкүн да эмес. Болгону биз бардык жерде, мамлекеттик иш кагаздарда да болобу, илим менен техникада болобу, же көчөдөгү базарда болобу, кеңири колдонууну башташыбыз кажет. Маселен, өлкөбүздөгү калктын 74,6%ы кыргыздар, бирок ошол кыргыздарды эне тилин, мамлекеттин мамлекеттик тилин билүүгө үгүттөп, үйрөтө албай убара тартып келе жатабыз. Бул өтө уят иш. Шермендечилик десек да жаңылышпайбыз.

Баса, быйылтан тартып Кыргызстанда бардык мектептерде окуучулар кыргыз тилинен экзамен тапшырууга милдеттүү болушту. Менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан өлкөдөгү мектептердин баарында милдеттүү түрдө кыргыз тилинен көчүрүү экзамендери киргизилмей болду. Билим берүү министрлигинин бул ишин абдан туура десек болот. Мамлекеттик тилдин кадырын көтөрүүдө чечкиндүү кадамдар жасалмайын, жылыш болбой тургандыгын көрдүк. Маалыматка караганда, класстан класска көчүрүү экзамендери боюнча жараян баскыч-баскыч менен ишке ашат жана быйылкы окуу жылынын аягында алгач 5-6-класстын окуучуларынан башталат. Ал эми келерки 2025-2026-окуу жылынан тартып 7-8 жана 10-класстардын окуучулары тапшырышат. Экзаменди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштурат. Ушул эле мекеме райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана предметтик мугалимдерге экзамен алуу боюнча окуу өткөрөт.

Белгилей кетсек, көчүрүү экзамени үч субтесттен турат. Алар лексика-грамматика, окуу-түшүнүү жана жазуу. Окуучулар үчүн алдын ала сынамык тесттер болот. Министрлик абдан туура белгилеп, мындай экзамен мамлекеттик тилди өнүктүрүү, окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо, кыргыз тилине болгон жоопкерчиликти күчөтүү максатында өткөрүлүп жатканын айтты. Маалым болгондой, көчүрүү экзамени быйыл окуу жылы аяктап калган кезде, май айынын аягында өткөрүлөт. Бир күнү 5-класстын, дагы бир күнү 6-класстын окуучулары тапшырат. Экзамен негизинен ошол окуучулардын кыргыз тили боюнча төрт чейректе окуган окуу программасынын негизинде гана жүргүзүлөт. Андан ашык суроолор болушу мүмкүн эмес. Экинчиден, эгерде окуучу экзаменге ден соолугуна байланыштуу же башка бир жүйөлүү себептер менен катыша албай калса, экзаменден канааттандырарлык эмес баа алып калса (“2” алып калса), анда ага кийинки окуу жылынын башында кайрадан экинчи жолу тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Жай бою даярданып, кайра тапшыра алат. Эгер экинчи жолу да экзаменден начар баа алса, анда окуучу кийинки класска көчпөй калат.

Билим берүү министрлигинин бул кадамын жапатырмак колдошубуз керек. Анткени, эне тилден чанып, маңкуртташып калгандардын арасында “кыргыз тилин үйрөнүүдөгү окуу китептери жетишсиз” деген шылтоолор айтылып, “бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар” болууда. Бул болбогон шылтоо. Филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев «жакшы окуу китеби, методика, адис жок» деген кептерди шылтоо деп баалады. “Мындан он чакты жыл мурун эле Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болуп турганда Кадаңбай Бактыгулов өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары эле. Ошол кезде да ушинтип орус тилдүүлөр “кыргыз тили боюнча окуу китептери жок, методика жок” деген маселе көтөрүшкөн. Ошондо Бактыгулов Өкмөт үйүнө жоон топ мугалимдерди, элди чогултуп, кыргыз тили боюнча методикалык куралдар, окуу китептер боюнча чоң көргөзмө уюштурган. Электрондук жакшы материалдардын да баарын экрандан көрсөткөн. Ал кезде өкмөттүн өзүндө деле эне тили боюнча окуу куралдары жок деген көз караш бар экен. Ошондо баарыбыз жетиштүү экен деп ынанганбыз. Анан биз, тилчилер, жок дегендердин жүйөсү жөн эле шылтоо экенин айттык. Анткени, кыргыз тили биздин мамлекетте бааланбай, муктаждык да, зарылчылык да жок болгондуктан, шылтоо тапкандар чыга берет» — деди С.Мусаев. Окумуштуу агай айткандай, муктаждык да, зарылчылык да жаралбаганынан улам, тилибиз тебеленип-тепселүүдө. Биз мындайга жол бербешибиз керек.

 

                                                                                                                      Зулпукаар Сапанов

 

Пример HTML-страницы