"Эркин-Тоо"

Мектептерде мыйзамсыз акча жыйноолорду токтотуу боюнча зарыл чаралар көрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында мектептерде мыйзамсыз акча жыйноо боюнча кырдаал талкууланган жыйын өттү.

Президенттин администрациясы бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, Бишкек шаарынын мэриясына коомдук фонддордун да, камкорчулар кеңештеринин да пайдасына акча жыйноолорду токтотуу боюнча бардык чараларды көрүүнү жана Президенттин жарлыгынын толук аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө келерки жылга республикалык бюджеттен билим берүү тармагына керектүү финансылык каражаттарды бөлүү маселеси да көтөрүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!