"Эркин-Тоо"

Мектептерге бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген окуучу кармалды

Коюлган бомбалар тууралуу жалган маалымат тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында коомчулукта резонанс жараткан бомбалар тууралуу бир нече жалган маалыматтарга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 28-29-март күндөрү борбор калаадагы мектептердин бирине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу бир нече жолу кабарлаган жаран аныкталды. Ал мектептердин биринин 9-классынын жашы жете элек окуучусу А.А.А. болуп чыкты, ал бейбаштык кылып Бишкек шаарнын гимназия мектебинин электрондук дарегине фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн.

А.А.А. өзүнүн планын ишке ашыруу үчүн окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видео оюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан көрсөтүлгөн мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды.

А.А.А. жашаган жеринде дароо ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү.

Ата-энесинин катышуусунда жүргүзүлгөн сурак учурунда ал мыйзамсыз аракетин, жалган билдирүү жөнөткөнүн мойнуна алган.

Азыркы учурда Бишкек шаарындагы башка коюлган бомбалар тууралуу анонимдүү маалыматтардын ушул сыяктуу фактыларына А.А.А.нын тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!