"Эркин-Тоо"

Мектептерге “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы боюнча окуу китептери түштү

Кыргызстандын кыргыз тилинде билим берген орто мектептерине 9-класс үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча кыргызча окуу китептери түштү.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 120 миң даана окуу китеби басылып чыгат. Анын 72,5 миңден ашууну кыргыз тилинде басылып чыгып, мектептерге таратылып жатат. Башка тилдердеги китептер учурда басмаканада.

Президент Садыр Жапаровдун 8-июндагы жарлыгына ылайык, “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы жаңы окуу жылынан баштап базалык окуу планына киргизилген.

Мамлекет башчынын жарлыгындагы талаптар боюнча, бул предметтен сабак берген мугалимдердин диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө сертификаты болушу керек.

Быйылкы окуу жылында «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы 9-класстарга окутулат. Кийинки жылдардан 7-8-класстарга да киргизиле баштайт. Жалпысынан аталган предметти 7-11-класстарга окутуу максат кылынган.

Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте «Дин маданиятынын тарыхы» сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген.

Кыргызстанда жалпы 2 миңден ашык мектеп бар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!