"Эркин-Тоо"

Мага бакыт сезилген нерселер апама балээ сезилет…

                          Мага бакыт сезилген нерселер апама балээ сезилет…             Эмир Эргешов      

— Ал сенин теңиң эмес!!!

— Апа, анан ким менин теңим!? Айтыңызчы ким???

— Сага эмне, ошол майып кыздан бөлөк кыз табылбай калдыбы? О кудай, бул не деген балээ!!

— Табылган болчу! Аны да сиз жоготтуңуз! Эми мага ушул гана кыз керек, ушул же жок…

— Антпе балам…  Мен сага жамандык кааламак белем?

-Билбейм апа, мага эмне каалаганынды мен чын эле түшүнбөй калдым акыркы күндөрү, анткени мага бакыт сезилген нерселер сага балээ сезилет экен…

— Асылбек!

Мен апамдын акыркы сөздөрүн толук укпай сыртка чыгып кеттим. Ичимден туталанып Акылайды ойлоп бараттым, сүйлөй албаган жазыгы гана болбосо өзү периштедей таза кыз, жашоомдогу көптөгөн азап-тозоктордон кийин жолуктум ага. Ушул сүйлөй албаган, бирок сүйлөй албаса да эстүү тиктеген, жоодураган каректери менен көп нерсени түшүндүрө алган дудук кыз   жүрөгүмдөгү сүйүүнүн азабын унуттура алды…Суйүү азабы демекчи, мен ага бешинчи курста кабылгам. Ооба, сулуу болчу ал да! Сулуулардын мунөзү да текебер болот кээде, балким өз баасын билген үчүнбү… Мен анан бардык азап — тозогуна кайыл элем, бирок апама жакпады…Бир ирет үйгө алып келип тааныштырганымда эле апама жакпай, жүзүн үйрүдү. Анан, канчалык оор болсо да мага Салиманы таштоого туура келди. Андан кийин көп жыл эскерүүлөрүм, кусалык менен жашап жүрдүм, жашоомдо канча кыздар кездешсе да, эч бирөөсу Салиманын ордун толтура албаганы азап болду. Бирок, маңдайга жазган тагдырымбы, же жазмышпы, күтпөгөн жерден досторум аркылуу Акылай менен тааныш болдук. Эмнегедир ал мага аябай жаккан ошондо эле. Буга балким чын эле анын сөзгө түшүнүп, бирок сүйлөбөй, тек гана жооп иретинде айыпсыз жылмайып коюшу себеп болдубу деп ойлойм кээде. Көптү билгендей сезилет… Ооба, мойнума алам, чын эле мага анын сүйлөбөгөнү, капкара көздөрүнүн айыпсыз күлүмсүрөшү, кечиримдүулүгү жагат экен!!! Корсө мен анын ушул сапаттарына байланып, арбалып сүйүп калган көрүнөм… Эгер Акылайдын ордуна кадимки бир соо- саламат кыз болсо, ал Салиманын ордун баса да алмак эмес чын…  Мен Акылайга ашыгып бараттым. Ага көп нерсе тууралуу айтып берем…   ( уландысы бар…)

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!