УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү “Регион” телеканалына кеңири маек берип, бир катар маселелерге токтолду. Сөзүнүн башында карапайым калк арасында коррупцияны жараткан бул – мамлекеттик органдар экенин белгилеген. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын арасындагы коррупция негизинен бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө, аларды пайдаланууда жана жыйынтыгын чыгарууда билинет.
“Мамлекеттик органдардын арасында коррупцияны жөнгө салуу, жоюу негизги милдеттердин бири. Андан тышкары, кызматтык абалдан пайдаланууда, бюджеттик-финансылык каражаттарды өзүнө ыйгарып алуунун негизинде коррупция башталат. Мына ошолорду тартипке салуу үчүн бизде көп иштер жүрүүдө. Президентибиз менен чогуу коррупцияга каршы беренелерди жана бир топ мыйзамдарга чоң өзгөртүү киргизүүнү чечим кылдык. 2024-жылдын аягына чейин ошол мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алдык. Президентибиз Садыр Жапаров 2024-жылдын 30-декабрында коррупцияга жазаны күчөткөн бул мыйзамга кол койду” деди К.Ташиев.
Кыргызстанда буга чейин жемкорлукка айыпталгандар айып пул төлөп, эркиндикке чыгып кеткен учурлар болгон. Жаңы мыйзамда күнөөлөнгөн адам өз күнөөсүн мойнуна алса да, тергөө менен кызматташса да, келтирилген зыянды ордуна койсо да коррупциялык беренеде каралган мөөнөттүн жарымын сөзсүз камакта өткөрүшү керек.
УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев маегинде коррупцияга каршы күрөштөгү утуш жана утулуш боюнча да сөз козгоп, жакын адамдарын камаганын айтты. Ошондой эле бул жерде Президенттин саясий эркинин негизинде ишке ашканын белгиледи.
“Мамлекеттик деңгээлдеги коррупциялык күрөштүн аягына чыга элекпиз. Буюрса, аягына чыгарыбызга ишенебиз. Эң башкысы, биз мамлекетте мыйзамдуу тартипти орноттук. Азыр айтып жатышпайбы, “Ташиев келсе эле иштеп калат, коркуп кетет” депчи. Бул менин аты-жөнүм эмес, бул мыйзамдын аты-жөнү. Мыйзам иштей баштаганынын далили. Эл, коом мыйзамдын иштегенин тааный баштады, ушул тартип деген болот. Биз ушуну уттук, ушуну жасадык. Ушуга эркибиз, күчүбүз, акыл-эсибиз жана саясий эркибиз жетти. Урматтуу Президентибиздин эрки коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүүгө жетти. Ушуну менен биз уттук. Ошол эле маалда биздин утулушубуз да болду. Бул өмүрдө чогуу жүргөн көптөгөн тааныш-тамырларды, досторду, жакын тууган-уруктарды жоготтук. Себеби, биз жакындарыбызды да камадык. Ачык эле айтайын, бүгүнкү күндө менин бир кудагыйым камакта отурат. 2022-2023-жылдары кылган кылмышы үчүн. Ошону чыгарабыз деп мага кимдер гана келбеди. Бир тууган агамдын баласынын кайын энеси эле, баары келди. Мен эч кимисине жол бербедим, ал мыйзамдуу жазасын алышы керек. Аны жазага тартпасам, башкалар ишенбейт. Бир тууган агамдын баласы МАИ кызматкерин сөккөн экен, алып барып камадык. Эгер аны камабасам, экинчиси барып прокурорду сөгүшү мүмкүн. Үчүнчүсү барып акимди сөгүшү мүмкүн. Коомдо тартип орнобой, башаламандык башталат. Ошондой болбош үчүн көзү өтүп кеткен бир тууган агамдын баласын алып барып камадым. Туугандардын баары мени жек көрүп жатат. Мен үчүн мамлекеттик тартип керек” деди К.Ташиев.
Өз маегинде УКМК төрагасы пара көтөрүп келгендер боюнча айтып, аларды жоопкерчиликке тартканын билдирди.
“Мен коррупция менен күрөшүүдө үрөй учурган, чачты тик тургузган көрүнүштөргө күбө болдум. Менин коррупцияны жок кылуу боюнча ниетими, максатымы кээ бирлер олуттуу кабыл алышкан жок. Ошол себептен мени коррупцияга аралаштырууга, акчанын күчү менен жолдон адаштырууга катуу аракет кылышты. Үйүмө коробка толгон акчаларды көтөрүп алышып, тигил же бул маселени чечип берүүнү суранышты. Мен алардын өздөрүн коррупциялык иштер үчүн кармап, камап, жоопкерчиликтерин карадык” деди.
УКМК башчысы, коррупциянын рейтингин аныктаган кээ бир эл аралык уюмдар өздөрү коррупциялашып кеткени боюнча да билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын коррупцияга каршы күрөшүү рейтинги кыйла жакшырыш керек эле, бирок эл аралык уюмдарга анын кереги жок болуп жатат.
“Мамлекеттердеги коррупциянын рейтингин чыгарган уюмдар биздин өлкөнүн эл аралык уюмдардын арасындагы аброюн бир нече тепкичке кайра түшүрүштү. Эми ал эч нерсени өзгөртпөйт. 2020-жылга чейинки коррупциялык көрүнүштөрдүн абалы менен азыркы коррупциялык элементтер менен абалды салыштыруу мүмкүн болбойт. Биз кыйла өзгөрдүк, коом менен мамлекеттик органдар өзгөрдү. Коррупцияга байланыштуу мыйзамдарды катаалдаштырдык. Азыр коррупция ылдыйкы ченемдерде азыраак болуп жатат. Бирок, аларга мыйзам таасирин берет” деди К.Ташиев.
Зулпукаар Сапанов

