Бүгүн, 12-июнда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 9–11-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн “Мен өзүмдүн эмгек укугумду билем” аттуу республикалык дил баян сынагынын жеңүүчүлөрүнө Президент Садыр Жапаровдун атынан баалуу сыйлыктарды тапшырды.
Сынак Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы жана Эберт фондунун колдоосу менен уюштурулду. Ага өлкө боюнча 2400дөн ашык окуучу катышты. Мыкты эмгектер атайын комиссия тарабынан тандалып алынды.
Сыйлык тапшыруу аземинде Адылбек Касымалиев жаш курактан өз укугун билүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, билимге умтулуу ийгиликтин ачкычы экендигин айтты. Ал ошондой эле балдардын укугун коргоо жалпы улуттук кыймылга айланып, мындай иш-чаралар социалдык жоопкерчиликтүү муунду калыптандырууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр үчүн “Ынтымак Ордо” — Президенттик Администрациянын жаңы имаратына экскурсия уюштурулду.