Кыргыз Республикасы – социалдык саясат өзгөчө орунду ээлеген мамлекет, ал эми кыргыз эли оор кырдаалга туш болгон адамдарга, өзгөчө майыптыгы бар адамдарга боор тартып, көмөгүн аябаган, — деп айтты Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык майыптар күнүнө арналган «Менин колумдан келет» форумунда сөз сүйлөп. Форум мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө, алардын эмгекке жана билим алууга жеткиликтүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында «Менин колумдан келет» деген ураан астында өтүп, соңунда резолюция кабыл алынды.
Бегим ТУРДАЛИЕВА

