"Эркин-Тоо"

Мэр Айбек Жунушалиев Гуанчжоу шаарынын делегациясы менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Гуанчжоу шаарынын эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин директору Ван Яньши башында турган Гуанчжоу шаарынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Айбек Жунушалиев Бишкек жана Гуанчжоу шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктап,  социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле шаар куруу, транспорт жана шаар турмушунун башка тармактарында тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Ван Яньши жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун мэрин Гуанчжоу шаарына келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.