"Эркин-Тоо"

Мэрия Бишкектеги тигүү цехтеринин калдыктарын эмне кылууну талкуулады

Муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында тигүү тармагынын ишмердүүлүгүнөн пайда болгон таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана утилдештирүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга борбор калаанын вице-мэрлери, райондордун акимдери, шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, борбордо 896 тигүү цехи бар жана ишкана менен таштанды чыгаруу боюнча 25 миң 983,27 метр кубду түзгөн 384 тигүү цехи келишим түзгөн. Көпчүлүгү таштандыларды түн ичинде таштанды челектерине ташышат, ал эми таштанды челектери катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга гана ылайыкталган.

Борбор калаанын мэри вице-мэрлерге жана шаардык кызматтарга бир жуманын ичинде көйгөйдү чечүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!