Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан жана тоскоолдуктардан бошотуу иштерин улантууда.
2025-жылдын 20-августунда борбордун ар кайсы аймактарында бир катар чаралар аткарылды:
Биринчи май району:
-
Сельповская көчөсүндө жолду реконструкциялоо иштерине байланыштуу 27 турак үйдүн тосмолору алынды. Анын 18и ыктыярдуу түрдө алынган, калган 9 боюнча иштер уланууда.
-
Чымкент көчөсү, 1 дарегинде капиталдык жана кошумча курулуштар, анын ичинде дүкөн, акча алмаштыруучу пункт, ашкана, 3 бастырма, сырткы ажаткана, диспетчердик пункт жана 2 темир контейнер алынды.
Свердлов району:
-
Чүй проспектиси, 123 дарегинде тротуарды алмаштыруу иштеринин алкагында имараттын кире бериш бөлүгү ыктыярдуу түрдө алынды.
-
Рухий-Мурас конушунда Анкара – Манжыл-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 30 чарчы метр болгон жеңил типтеги объект жана 4 контейнер чыгарылды.
Октябрь району:
-
Ауэзов жана Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде бетон блоктор алынды.
-
Тунгуч кичирайонундагы 36/1б үйдүн жанындагы “водомат” ыктыярдуу түрдө алынган.
Ленин району:
-
Л. Толстой көчөсү, 17 дарегинде металл мамылар жана шлагбаум алынды.
-
Ч. Айтматов проспектисинде мыйзамсыз соода түйүндөрү жана конструкциялар, анын ичинде 4 “күч өлчөгүч”, 4 балмуздак сатуу жайы жана 18 темир тосмо алынган.
Мэрия муниципалдык жерлерде тартипти жана мыйзамдуулукту орнотуу иштерин системалуу түрдө улантууда. Эгер берилген эскертүүлөр ыктыярдуу түрдө аткарылбаса, тиешелүү чаралар колдонулат.

