Мэрияга коомдук транспорт үчүн кыска мөөнөттүү билеттер жөнүндө жобону иштеп чыгуу тапшырылды. Чечим Бишкек шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды.
Депутат Токтосун Султанов коомдук транспортто жол акысынын көтөрүлүшүн талкуулоо учурунда мэрияга бир күндүк, үч күндүк жана бир жумалык билеттердин жобосун иштеп чыгууну сунуштады.
Мындан тышкары, ал муниципалитетке шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн экспресс каттамды жана ага тарифти иштеп чыгуу сунушу менен кайрылды. Депутаттар анын демилгелерин колдошту.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык кеңеши жол кире тарифин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Жол акысы накталай эмес төлөм менен жол кире 17 сом, накталай төлөм менен 20 сом болот.