Миллиондон кем эмес калк жашаган борборубузда иш деген чачтан көп. Алдыда кылычын алып кыш турат. Электр энергиясынын болуп көрбөгөндөй тартыштыгы, баш аламан курулуштар, коомдук транспорт жана ага байланыштуу маселелер, айтор айта берсең азыр шаар бийлиги ээригип отура турган учур эмес. Ушул сыяктуу маселелердин баарын чечип, кыларга иш жок калгансып мэрия шаардык профсоюз уюмун түзүүгө шымаланып киришип калганын кандай түшүнсө болот? Шаар бийлиги шаардагы муниципалдык ишканамекемелердин кызматкерлерин шаардык профсоюз уюмуна кирүүгө үндөп, кысым кылганга чейин барып жатканы жакшы көрүнүш эмес.
Дегеле мэр үчүн өзүнчө шаардык профсоюз уюмун түзүүнүн кандай зарылчылыгы болду экен? Бүт республикабыз боюнча ишканамекемелердин баштапкы профсоюз уюмдары жалпы Кыргызстан профсоюздар федерациясына кирет. Мыйзамга ылайык профсоюз уюмунун ишине кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок. Ар бир жаран профсоюз уюмуна кирсе да, чыкса да ал өз эрки. Аларга тигил уюмдан чыгып, бул уюмга киргиле деп үстүртөн көрсөтмө берүү мыйзамды одоно бузууга кирет. Ачыгын айтканда шаардагы баштапкы профсоюз уюмдарына бүлүк салып, өзүнчө профсоюз уюмун түзүү шаар бийлигинин иши эмес. Мыйзамды сыйлабастыгыбы же башка максаты барбы, айтор Бишкек мэриясы тарабынан мына ушундай мыйзамсыз ишаракеттер болуп жатканы жөнүндө АкиПресс агенттигинде өткөн прессконференцияда профсоюз өкүлдөрү маалымдашты.
Өнөр жай, коммуналдык-тейлөө жана ишкерчилик кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Абасбек Насакеевдин билдирүүсү боюнча 20-апрелде тармактык профсоюз уюмуна баштапкы профсоюз уюмдары профсоюздардын ишмердиги жана анын мүчөлөрү туурасында маалымат чогултуу үчүн шаар мэриясынан жашыруун таблица түшкөндүгүн айтып кайрылышкан. Анын айтуусунда баштапкы профсоюз уюмдарына кысым көрсөтүлүп, шаардык профсоюз уюмуна өтүүгө мажбурлоо болгон. “Биз баштапкы профсоюз уюмдарына маалымат чогултуп бербөөгө кеңеш бердик.
Бирок мэрия тараптан таблицаны толтуруу боюнча тынбай телефон чалуулар менен акыры муниципалдык ишкана-мекемелердин жетекчиликтери аркылуу таблицаны толтуртуп алышты”, — дейт Абасбек Насакеев. Таблицада баштапкы профсоюз уюмдарынын мүчөлөрү, мүчөлүк акылар, 2022-жылы канча каражат чогултулганы боюнча маалыматтар камтылган. Кандай болгон күндө да эгер профсоюздун ишмердигин текшерүү керек болсо аны аткарчу атайын органдар бар. Андыктан профсоюздардын ишине кийлигишип, өз эркин таңуулоого мэрияга ким укук берди деген суроо туулбай койбойт.
24-апрелде тармактык профсоюз жетекчилери менен шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жолукканда профсоюздун борбордук аппаратынан чыгуу ыктыярдуу чечилип, ар бир профсоюз мүчөсү кайсы профсоюз уюмуна кирерин өзү чечиши керек деп макулдашылган экен. Бирок ага карабай шаардык профсоюзду түзүүнү тездетүү боюнча мэриянын протоколдук тапшырмасы бар деп телефон чалуулар токтогон эмес. Ошентип мэриянын кысымы менен шаарда эки профсоюз пайда болду. Бири Бишкектин көз карандысыз профсоюз уюму, экинчиси мэрия түзгөн шаардык профсоюз. “Бишкекгорлифт” жана “Бишкек санитардык полигон” ишканалары профсоюздун борбордук комитетинен чыккан сыяктанат. Бирок алардын уставга ылайык Борбордук аппараттын өкүлдөрүнүн катышуусусуз, профсоюздук чогулуштун тиешелүү протоколусуз шаардык профсоюзга өтүшү эрежеге туура келбейт жана жараксыз болуп эсептелет. Бул аз келгенсип мэрия шаардык профсоюзга кирчү баштапкы уюмдарды тизмелеп алганына жол болсун. Ал тизмеге адашыппы, же атайынбы республикалык масштабдагы Туризм департаментин да киргизип алышканы кызык.
Мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасынын орун басары Надежда Карабаеванын айтуусу боюнча уставга ылайык муниципалдык ишкана 3 ай мурда тармактык профсоюздан чыгуу тууралуу кабарлап жана профсоюз чогулушуна Борбордук Аппараттын өкүлдөрүн чакырууга тийиш. Маданият кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасынын орун басары Айнура Оморова бул иштердин баары ачык эмес жашыруун, телефон аркылуу болуп жатканын айтты. «Профсоюзга өтүү ыктыярдуу түрдө жана профсоюздун жалпы чогулушунун чечиминен кийин болуш керек. Мэриянын иш-аракеттери мыйзамсыз. Устав, мыйзам, Эл аралык эмгекти уюштуруу конвенциясы бузулуп жатат», — дейт ал. Демек, жаңы түзүлгөн шаардык профсоюздун каттоодон өтүшүнүн өзү суроо жаратпай койбойт. Бул жагын тиешелүү органдар карап, өз баасын берет деп ойлойбуз.
Ал эми шаар мэри шаардык профсоюз түзөм деп профсоюз уюмдарынын ишине кийлигишкенче шаарыбызга жана анын жашоочуларына кам көрүп, чарбачылык иштер менен алектенгени өтө маанилүү. Анын түздөн-түз милдети да ошол эмеспи. Ансыз да айрым бир топтор, бийликтин саясий оппоненттери өлкө тынчтыгын бузуп, коомдук чыңалууну жаратууга жанталашып жатканын көрүп жатабыз. Анан шаар бийлиги тынч эле өз иши менен алектенгени, бишкектиктердин жашоо-тиричилигин жеңилдетип, элге ак кызмат кылууга жан үрөгөнү өтө зарыл болуп турат…