"Эркин-Тоо"
Пресс

Мэриянын фантазиясы

Деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте жашап көнгөн кыргыз баласы, мэриянын үчүнчү кабатына чыкса эле башы айланып калабы, билбейм, шаар башчылыгына келгендердин оюн уксаң өзүнчө эле фантастика. Андай супер-идеяларды шаар башчылары вице-мэрлердин оозу менен айттырышат.

Мындан бир жарым жыл мурда эле парламентте Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Абдиев деген, баш калаада жалпы жолдун узундугу 37 чакырымды түзгөн, 32 станция, эки линиясы бар монорельстин долбоорун иштеп чыгуу аяктаганын, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Кечээ эле Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев баш калаанын дарыяларынын үстүнөн шакекче асма жол курууну көздөп жатканын шардана кылды. Бир швейцариялык компания борбордо долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жаткан имиш. Эми кийинки мэр келип “шыпыргы менен учуп жүрөбүз” десе таң калбай эле коё бергиле.

Бишкек шаарынын аткаминерлери асмандап учуп жүрө бербей жерге түшсө болот эле. Баш калаанын Фрунзе шаарынан мураска калган “аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей көчөлөрүн жөө кыдырып көрсө, атаганат. Шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров “ар бир акимге 500 млн сомдон бөлүп бердим” деген эле. “Алманы аким жеди, таякты жетим жеди” демекчи, 500 млн сом кайда кетти, билбейбиз. Бирок, жергиликтүү тургундар шаардын так ортосунда ылай кечип эле күн өткөрүп келишет.