"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Миң уккандан, бир көргөн СУАР

Өткөн жумада Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги уюштурган медиатур менен 70 жылдыгын белгилеп жаткан Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАРга) Үрүмчү, Кашкар шаарларына кыргызстандык эксперттер, журналисттер иш сапар менен барып келдик. Кыргыз делегациясын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору Курманов Зайнидин Карыпбекович жетектеп барды.

“Эшигин көрүп төрүнө өт” демекчи, СУАРдын астанасына баш бакканда эле Үрүмчү шаарынын аэропорту таң калтырды. Кенен, көз жоосун алган заманбап аэропорт ушул жылы 70 жылдыкка арналып ачылып, ишке берилген экен. Айрым кесиптештеримден мындай заманбап, кенен, жаркыраган аэропортту Европадан да көрбөгөнүн уктум. Ошентип сапарыбыз тыгыны жок даңгыраган жолдорго, бийик-бийик заңгыраган чоң-чоң асман тиреген имараттарга суктануу менен башталды. Алгачкы күнү Үрүмчүдөгү программалык камсыздоо паркы — аймактын алдыңкы IТ борборуна, эл аралык базарына бардык. Аталган IТ борбордо спутниктик навигация, жасалма интеллект, маалымат борборлору жана электрондук соода сыяктуу тармактардан 300дөй жогорку технологиялык ишканалар иш алып барып, 8 миңден ашык адис иштейт экен. Ал эми эл аралык базардын кире беришине туристтердин көңүлүн ачуу үчүн шаңдуу музыка коюлуп, ал аянтчада каалаган турист ортого түшүп бийлеп чер жазып алаарына да күбө болдук.

Экинчи күнү Синьцзян эл аралык жана терроризмге каршы күрөшүү көргөзмө борборлоруна баш бактык. Эл аралык көргөзмө борборунан СУАРдын тарыхы, жетишкендиктери тууралуу бай маалыматтарга ээ болдук. Ошондой эле, эл аралык көргөзмө борборунда илинген кыргыз комузун, “Манас” эпосу боюнча маалыматтарды жана кыргыз жыттанган кыргыздын маданият өкүлдөрүнүн улуттук кийимдери менен түшкөн сүрөттөрүн жолуктурганда сыймыктанып жаттык. Ал эми терроризмге каршы күрөшүү көргөзмө борборлорунан сөз менен жеткире алгыс аянычтуу сүрөт, видео жана экспозицияларга туш болдук. Бул көргөзмө борборго кирип чыккан адам терроризмдин зыянын айттырбастан түшүнүп чыгат экен. Көргөзмөдөгү ар бир экспонат ар бирибизди сестентти.

Ошентип, Үрүмчүдөн Кашкарга самолёт менен эки сааттык убакытта жеттик. Кашкардын аэропортунун курулуш долбоору Үрүмчүдөгү аэропортко окшош экен. Бирок, Үрүмчүдөгүдөй абдан чоң эмес. Кашкар бул – СУАРдын түптөлүшүнө данек болгон тарыхый аймак экенин баамдадык. Эски шаар аталганы менен экономикалык жактан кулач жая өнүккөнү айдан ачык. Асман тиреген 35 кабаттуу мейманканасынын 29-кабатына жайгаштык.

Кашкардан эркин экономикалык соода аймагын  (ЭЭА), техникалык колледжди, айыл чарба, текстиль ишканаларын, салттуу кытай медицина борборун жана “Эски шаарча” тарыхый архитектуралык комплексин кыдырдык. Ал жерден чыныгы салттуу базарды, кол өнөрчүлүк дүкөндөрдү, байыркы жезден кол менен жасалган буюмдарды, эски имараттарды көрүп, байыркы шаарды кыдырып жүргөндөй болдук. Кытайлардын “Кашкарга барбай туруп, чыныгы Синьцзянды көрдүм дебе” деген лакап кеби да бар экен. Кашкардын тарыхында чыгыш базарлары, кумдар жана чөлдөр тууралуу көп айтылаарын баамдадым. Бүгүнкү күндө байыркы салттарды заманбап өнүгүү менен айкалыштырып жатышыптыр. Кашкардын калкынын 80 пайызын уйгурлар, калган 20 пайызын кытай, казак, кыргыз жана башка этникалык топтор түзөт экен.

Өнүккөн Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү, Кашкар шаарына болгон сапарыбыздын соңку күнү СУАРдын Тышкы иштер боюнча канцеляриясынын өкүлдөрү менен Кыргызстандын эксперттер жана журналисттерден турган кыргыз делегациясы маңдай-тескей олтуруп, пикир алышып, суроо-жооп беришип, кенен баарлаштык.

Кыргызстан менен Кытайдын Синьцзян — Уйгур автономдуу аймагынын ортосундагы соода-сатык алакасы 2000-жылдардан бери өсүп, бул өсүш Кытайдын “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында СУАРдын Борбор Азияга “Батыш дарбазасы” болуп калганы маалым. “Торугарт”, “Эркештам”, “Бедел” өткөрүү пункттары аркылуу биздин республикага курулуш материалдары, техника, текстиль жана өнөр жай товарлары келип турат. Ошондой эле Кыргызстан Кытайга руданы, жезди, айыл чарба продукциясын экспорттойт. СУАРдын Тышкы иштер боюнча канцеляриясынын директорунун орун басары Сяо Эвен “СУАР логистикалык жана экономикалык хаб катары негизги ролду ойнойт. “Эркештам” аркылуу күн сайын 1,2 миңден ашык автоунаа өтүп, ушул жылдын январь айынан августка чейин 1,9 миллион тонна жүк, Торугарт аркылуу — 1,5 миллион тонна жүк ташылды” — деп билдирди. Келечектеги эң чоң инфраструктуралык долбоорлордун бири – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Өкмөттөр аралык келишимге ылайык 2024-жылдын 6-июнунда Пекинде кол коюлган. Бул каттам Кыргызстандын Нарын жана Жалал-Абад облустарынын аймагы аркылуу Кашкар, Андижан менен байланыштырат. Аталган темир жол логистикалык рычаг гана болбостон, геоэкономикалык жылыштарга да таасирин берип, Кыргызстанга Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна да жол ачаары анык. Ушуга окшогон келечектүү пландарга эки тарап тең ниеттеш болуп, жылуу жана жагымдуу пикир алыштык.

Сапарыбыз карып, Үрүмчүдөн Бишкекке кайтып жатып, Кыргызстаныбыз да дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулушун тилек кылдык. Кыскасы, иш сапарыбыз ийгиликтүү аяктады. Мындай кайталангыс иш сапарды уюштурган Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпинге жана анын командасына терең ыраазычылык!

Жазгүл КАРБОСОВА