"Эркин-Тоо"

Michelin Истанбулдагы 53 ресторанды тизмесине киргизди

Дүйнө боюнча заманбап ресторандардын рейтингин чыгарган Michelin Guides компаниясы Түркиянын Истанбул шаарындагы 53 ресторанды тизмесине каттады. Бул тууралуу Түркиянын Маданият жана Туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, nандалган 10 ресторанга Bib Gourmand күбөлүгү берилсе, дагы 4 ресторанга Michelin Star сыйлыгы ыйгарылды. Ошондой эле 38 ресторан Michelin Guides компаниясынын талаптырана ылайык деп табылды. Гастрономияны  өнүктүрүү багытында жигердүү иштеп келе жаткан Neolokal ресторанына болсо Green Star статусу берилди. Эске салсак Neolokal буга чейин Red Star менен сыйланган болчу. Ал эми Түрк Фатих Тутак рестораны өзгөчө ашканасы үчүн Michelin компаниясынын Two MICHELIN Star Guide программасына киргизилди. Муну менен катар 4 ресторанга Michelin бир жылдыз статусун берди.

Белгилей кетсек Michelin Guides компаниясы дүйнө боюнча гастрономиялык рейтингдерди чыгарып, эң мыкты ресторандарды тандап, кардарларга сунуштап келет. Michelin Guides компаниясынын кызыл гид жыйнагы алгачкы жолу 1900-жылы басмадан чыгарылган.

Michelin ар дайым мобилдүү кызмат көрсөтүүгө умтулат. Аталган компания алгач унаа дөнгөлөктөрүн чыгарып, айдоочулар үчүн эмне кайсы жерде эмне арзан жана сапатуу экенин, кайсы локацияды мыкты кызмат көрсөтүү жайгашканын көрсөтүп берген фирма катары иштеп баштаган. Кийинчерээк Michelin бул багытта кызматтарын көбөйтүп, кардарларга санарип, карта жана гид кызматтарын көрсөтүп, ошондой эле ар түрдүү тармактар ​​үчүн жогорку технологиялык материалдарды өндүрүүгө өткөн.

Michelin учурда 177 өлкөдө иш алып барат. Компаниянын 124 миң 760 жумушчусу бар. Штаб-квартирасы Франциянын Клермон-Ферран шаарында жайгашкан. Michelin бүгүнкү күндө өндүрүш кубаттуулугу 173 миллионго жеткен 68 шина өндүрүүчү объектилерди да иштетет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!