"Эркин-Тоо"
Иш-жума

МИГРАЦИЯ – ДҮЙНӨЛҮК АГЫМ

Президент Садыр Жапаров мигранттардын Эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы дүйнөлүк миграциялык агымда биздин жарандарыбыз дагы белгилүү бир жагдайлардан улам анын ажырагыс бөлүгү болуп калганын белгиледи. Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго инвестиция салууга чоң кызыгууларын билдирип келишүүдө. Президенттин пикиринде бул – миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы ачык-айкын байланыштын далили. Мындай эки тараптуу байланыштар биргелешип өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратат. Президент эл аралык милдеттенмелерге ылайык мигранттын укуктук абалын жакшыртуу жагында, өзгөчө ЕАЭБ аймагында эмгек мигранттарыбызды колдоо үчүн мүмкүн болгон аракеттер жасалып жатканын жана мындан ары дагы аракеттер жигердүү улантылаарын билдирди. Кошумчалай кетсек, 2000-жылы 4-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы 18-декабрды Эл аралык мигранттар күнү катары белгилөө жөнүндө резолюция кабыл алган.