Кыргызстан үчүн миграция пайдалуубу, же зыяны көппү? Мына ушул суроонун тегерегинде ой калчап көрөлү. Анткени, өлкөдө ички жана тышкы миграцияны жөнгө сала турган учур келди. Акаевдин бийлигинен бери “төрт тарабың кыбыла” деп чет жактан иш издеген жарандарыбызга чек арабызды кеңири ачып койгондон бери, миграциялык процесс токтобой келет. Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү үйдө эмгек мигранты бар экен. Ошондой эле күнүгө 24 адам эмиграцияга аттанса, демек, ар бир саатта бирден жараныбыз чет өлкөгө жумуш издеп кетип жатыптыр. Азыркы күндөрү иш десе ишке тойбогон, каруу-күчү толо, тоону томкорор улан-кыздарыбыз АКШнын, Венгриянын жана башка өлкөлөрдүн элчилигинин эшигин акмалап, бактысын башка жактан табууга аракет кылышууда. Ал тургай Кыргызстандан көңүлү калгандай, өмүрүн тобокелге салып, Мексиканын чытырман токойлору аркылуу Америкага жол тарткан жаштарыбыздын саны арбыды. Эч кандай тил билбей, чет жакта жумуш менен камсыз болуу кепилдиги жок, иш бар болсо, кандай шартта иштешинен кабарсыз, өз алдынча кеткен жарандардын саны күн сайын көбөйүүдө. Ушул жакшы көрүнүшпү?..
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин ИДПсынын 35%ы мигранттардын акча которуулары аркылуу түзүлөрүн, акыркы он жылда өлкөбүзгө дээрлик 23 миллиард доллар которушканын эске алсак, эмгек мигранттарынын чет жакта жүрүшү экономикалык кызыкчылык үчүн жакшы көрүнүштүр.
А бирок, 18 жаштан 45 жашка чейинки кыргыздын уюткусу боло алган жаштары акырындан журт которуп кетип жатканын демографиялык процесстердин алкагында алып караганда улуттун келечеги үчүн опурталдуу экени талашсыз.
Россияда демографиялык кризистен улам, чалкып жаткан бош калган аймактарын постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары менен толтурууга кызыкдар. А Европада жумушчу күчү жылдан-жылга азайып баратат. Айтор, Кыргызстандан кетем дегендерге эшигин ача турган өлкөлөр жетиштүү. Ошондуктан, “биз жок жерде, жыргал жашоо” деген көз карашка байланган улан-кыздарыбыздын мекенчилдик сезимин ойготуу, мамлекет үчүн азыр абадай зарыл болуп турат.
Өлкөдөгү башаламан миграциялык процесс жакын арада токтошу күмөн. Бул отуз жылдан бери келе жаткан илдет. Аны бир күндө айыктыруу мүмкүн эмес. Демек, дүйнөлүк эмгек рыногуна жумушчу күчүн экспорттоонун заманбап жолуна өтүшүбүз керек. Ушул багытта өлкөдө аракеттер болуп жатканы менен жалпы миграциялык процесске оң таасирин тийгизе албай жатат.
Айрым эксперттердин айтканына караганда, Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу калктын саны 2,4 миллион адамды түзсө, анын 40%ы дайыма миграцияда экен. Эң өкүнүчтүүсү, чек ара аймактарындагы жарандарыбыз өз турагын таштап кетип жатышат. Муундар ортосундагы байланыш үзүлүп, балдар ата-энесинин камкордугусуз калган фактылар ар бир айылда кездешет. Россияда 23 жыл мигрант болуп жашаган кыргыз жараны Нурия Малабекова жакындан бери Кыргызстанга келип, “Чай дүйнө” кафесин жана башка тейлөө кызматын ачып, тапкан каражатын чакан инвестиция катары жумшап келет. Ал миграциянын оң жана терс жактары жөнүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди:
“Миграциянын жакшы жагы – биздин жарандарыбыз каражат табуу менен бирге, аз да болсо тил үйрөнүп, башка жактын маданияты менен таанышып келет. Дүйнө таанымы кеңейип, ар түрдүү ишке, маселен куруучу, тейлөө кызматы болобу, жөндөмү өсөт. Өз өлкөсүнө келип ошол жөндөмдү пайдалана алышат.
Ал эми улутубуз үчүн коркунучтуу жагы – тилибизди жоготуп жатабыз. Тил жоголсо, улут жоголот. Менин неберелерим азыр кыргыз тилинде сүйлөй албайт. Алардын Кыргызстан жөнүндө түшүнүгү жок. Бул мен үчүн эле эмес, кыргыз улуту үчүн трагедия десем болот. “Кыргызстанга келбей эле койгула” деген ата-энелер бар. Бул жакка кайтып келгенден кийин көнүп калган жашоо деңгээлин таппай кетип калгандар толтура. Ошондуктан, миграция маселесине карата мамлекет чара көрүшү керек” – дейт Нурия айым.
Кечээ Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Букалаев, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 1 миллиондон ашык жараны чет өлкөлөрдө жүргөнүн, 600 миңге жакын жараныбыз Россия Федерациясында жашап жатканын билдирди. Ошол эле учурда, 2022-жылы эмгек мигранттарынын саны расмий түрдө 1 миллион 118 миң деп жарыяланган. Бул сан 2006-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик 7 эсеге өскөнүн, же болбосо мына ушул миллиондогон сандын бардыгын кыргыздар түзөрүн унутпайлы.
Шекербек КАЛЫКОВ
№37 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 5-майы