Мигранттарга мамлекеттик ипотеканы өзүнчө кезек менен берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат. Бул тууралуу 26-декабрда IV Элдик курултайда белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаров Россиядан келген мигранттардын өкүлү суроо узатканда, Президенттин иш башкармалыгына жана Мамлекеттик ипотекалык компанияга мигранттар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн өзүнчө кезек киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдоону тапшырганын айтты.
Мамлекет башчысы учурда өлкө боюнча мамлекеттик ипотека программасы аркылуу 70 миңден ашык батир курулуп жатканын билдирди. Ошондой эле ал жарандарды Бишкек, Ош жана Манас шаарларында эле кезекке турууга шашылбай, ипотекалык үйлөр салынып жаткан чакан шаарлар менен облус борборлорун да карап көрүүгө чакырды.

