Ошто мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип 67 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз алып кирип-чыгып жүргөн. Ал мигранттарды Ноокат районуна жеткирип, иш менен камсыз кылып турган.
Кармалган адамга мыйзамсыз миграция уюштуруу жана чек араны мыйзамсыз өтүү айыбы менен иш козголуп, камакка алынды.