Россияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны кескин азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 650 миңден ашык жараны миграцияда жүрсө, 350 миңге жакыны Россиянын аймагында. Көрсөткүч күндөн-күнгө кыскарууда. Мекендештердин өлкөгө кайтып келишине рубль курсунун төмөндөшү жана Россия аймагында жаңы мыйзамдардын кириши себеп, — деди чиновник.