"Эркин-Тоо"
Биринчи музейдин негизделгенине 100 жыл Эркин Тоо гезити

МИХАИЛ ФРУНЗЕ – мекендеш, жалындаган революционер, мамлекеттик ишмер

Михаил Фрунзе 1885-жылдын 2-февралында Пишпек шаарында аскер фельдшеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы жергиликтүү эл арасында кадырлуу киши болгон, бирок эрте каза болуп, апасын беш баласы менен жалгыз калтырган. Михаил жаш кезинен эле зээндүүлүгү менен айырмаланып, эрте сабатын ачкан. Ал Данте Алигьери, Жюль Верн жана Майн Риддин чыгармаларына кызыгып окуган, максат коюп иштеген жана тыкан бала болгон. Пишпектеги башталгыч мектепте жана Верный шаарындагы гимназияда эң мыкты окуучулардын бири болуп, өз алдынча билим алуу ийримдерине катышып, орус классиктеринин жана революционерлердин эмгектерин окуп, эркиндик жана адилеттүүлүк идеяларын талкуулаган. Ага чоң таасир калтырган мугалимдеринин бири — Париж Коммунасынын катышуучусу, француз Базиль Поль Гурде болгон.

Жаш кезинде Михаил Түндүк Теңир-Тоо боюнча өткөрүлгөн илимий экспедицияга катышкан. Бул экспедицияны жергиликтүү дарыгер, аймак таануучу жана анын атасы Василий Фрунзенин досу Фёдор Поярков уюштурган. Ал үч жолдошу менен бирге тоолордо 68 күн жүрүп, 16 ашууну ашып, 1200 даана өсүмдүктүн жана 3000ге жакын курт-кумурсканын үлгүлөрүн чогулткан. Бул жыйнактар баалуу деп табылып, Университеттин жана Россия Илимдер академиясынын ботаникалык фондуна киргизилген.
Бул экспедиция Фрунзе үчүн чыныгы эрдик мектеби болуп, өз жерине болгон сүйүүнү жана илимге кызыгууну ойготкон.  Ошол эле учурда анын уюштуруучулук жөндөмү, өжөрлүгү жана коомго пайда алып келүүгө болгон умтулуусу айкын байкалган — бул сапаттар кийин анын революциялык өмүр жолу менен тыгыз байланышкан.

Үй-бүлөсүндө бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, айланасындагы жөнөкөй элдин оор жашоосун көргөн Михаил адилетсиздикти терең сезген. Дал ушул сезим анын мүнөзүнүн жана келечектеги революциялык дүйнө таанымдын негизин түптөгөн.
1904-жылы ал Петербург политехникалык институтуна тапшырып, РСДРП(б) партиясына мүчө болуп, большевиктердин катарына кошулган. Революциялык ишмердүүлүгү үчүн бир нече жолу камакка алынып, эки жолу өлүм жазасына өкүм кылынган. Бирок өкүмдөр каторга жана сүргүн менен алмаштырылган. 1916-жылы ал түрмөдөн качып чыгып, Батыш фронтунун аскерлеринин катарында ишин уланткан. 1918-жылдан тарта Чыгыш жана Түштүк фронттордун армияларын жетектеп, Колчак менен Врангелдин күчтөрүнө ийгиликтүү каршы турган. Түркстанда ал Лениндин улуттук саясатын жүргүзүп, Борбор Азияда советтик бийликти орнотуп, Кызыл Армиянын боштондук миссиясын баса белгилеген.
Врангелдин аскерин жеңгенден кийин Фрунзе Украина жана Крым аймактарындагы куралдуу күчтөрдү башкарган. Ал эми 1921-жылы УССРдин Түркиядагы элчилигин жетектеген. Анын ишмердүүлүгү – стратегиялык ой жүгүртүүсү, дипломатиялык ыкмасы жана революциянын идеалдарына берилгендиги менен айырмаланган. Михаил Фрунзе Граждандык согуштагы Кызыл Армиянын жеңиштеринин башкы уюштуруучуларынын бири болгон.

1924–1925-жылдары Михаил Фрунзе СССРдин аскер жана деңиз иштеринин эл комиссары, ошондой эле Революциялык аскер кеңешинин төрагасы кызматтарын аркалаган. Бул кызматта ал куралдуу күчтөрдү реформалоо менен алектенип, уюштуруу маселелерине жана аскер ишинин теориялык негиздерин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурган. Анын стратегия жана тактика боюнча эмгектери улуттук аскер илиминин өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон. Фрунзе техникалык жактан жабдылган армия түзүү зарылдыгын жактап чыккан. Татаал эмгек жана мурдагы камактагы азаптардын кесепетинен ден соолугу начарлап, ал 1925-жылдын 31-октябрында Москва шаарында хирургиялык операциядан кийин көз жумган.

Музей – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу жана атрибуту (1925-ж.)

РСФСРдин Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин (ВЦИК) 1924-жылдын 14-октябрындагы токтому менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Бул окуя азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын жана кыргыз элинин бир улут катары биригишинин башаты болгон. 2024-жылы Кыргыз Республикасы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин белгиледи.

Мамлекеттүүлүктүн атрибуту катары тарыхый эс тутумду жанданткан жана бекемдеткен музей мейкиндиги улуттук аң-сезимди калыптандыруунун эң маанилүү элементтеринин бири болуп саналат. Музейдин мамлекеттик атрибут катары негизги функциялары төмөнкүлөр:

Улуттук эс тутумду жана өзүн-өзү аңдоону калыптандыруу: музейлер тарыхтын материалдык далилдерин топтоо жана көрсөтүү аркылуу жарандардын өздөрүн бирдиктүү тарыхка жана маданий мураска ээ болгон улуттун бөлүгү катары сезүүсүнө өбөлгө түзөт.

Тарыхты түзүү жана жайылтуу: мамлекет музей экспозицияларын өзүнүн тарыхый концепциясын көрсөтүү, жетишкендиктерин жана артыкчылыктарын баса белгилөө аркылуу легитимдүүлүгүн жана аброюн чыңдоо үчүн колдонот.

Бийликти легитимдештирүү: музейлерде мамлекеттик белгилердин, символдордун жана тарыхый артефакттардын көрсөтүлүшү учурдагы бийликтин мыйзамдуулугун жана анын мураскерлигин тастыктайт.

Билим берүү жана патриоттук функция: музейлерге баруу аркылуу жарандар өлкөнүн тарыхы, маданияты жана өнөрү тууралуу билим алышат, бул эстетикалык өнүгүүгө жана мекенчилдик сезимин тарбиялоого өбөлгө түзөт.

Суверенитеттин символу: бай коллекцияларга ээ ири мамлекеттик музейлердин болушу мамлекеттин маданий жетилгендигин жана эл аралык аренадагы күчүн көрсөтөт.

Мурасты сактоо жана интерпретациялоо: мамлекет маданий мурастын объектилерин тандоо, сактоо жана көрсөтүү процесстерин көзөмөлдөйт, коомго эмне жана кандай формада сунушталаарын аныктайт.

1925-жылы күтүүсүздөн көз жумган М. Фрунзенин элесин түбөлүк сактоо максатында Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) революционердин, аскер жана саясий ишмердин төрөлүп, балалыгын өткөргөн үйүндө музей ачуу чечими кабыл алынган. Музей 1925-жылдын 9-декабрында РСФСРдин Кыргыз автономиялуу облусунун Советтеринин Аткаруу комитети Президиумунун (төрагасы А. Орозбеков) токтому менен негизделген.

ИКОМдун (Эл аралык музей кеңеши) Аткаруу кеңеши музейдин жаңы аныктамасын кабыл алды: музейлер — бул өтмүш жана келечек тууралуу сынчыл диалог жүргүзүү үчүн демократиялаштырган, инклюзивдүү жана көп үндүү мейкиндиктер. Алар азыркы доордун жаңжалдары менен көйгөйлөрүн таанып, аларды чечүүгө умтулуу менен коомго артефакттарды жана үлгүлөрдү ишеним катары сактап өткөрүшөт, ар түрдүү эстеликтерди келечек муундар үчүн коргошот жана бардык адамдар үчүн мурас объектилерине тең укуктарды жана тең жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздашат.

Музейдин калыптанышы (1926–1937-жж.)

Кыргызстандын Борбордук музейинин алгачкы экспозициясы 1927-жылдын 5-мартында
Михаил Фрунзенин үй-бүлөсү мурда жашаган үйдө ачылган. Бул окуя Кыргызстандын Советтеринин түзүүчү курултайынын ишинин башталышына арналган болчу. Ошол учурда музей чакан бурч катары иштеп, анда ондогон сүрөттөр, документтер, Граждандык согуштун картасы, плакаттар жана портреттер коюлган. Өзгөчө көңүл Фрунзенин өмүрүнө байланышкан материалдарга бурулган: анын өз колу менен жазылган документтер, анын окуудагы жетишкендиктерин тастыктаган гимназиялык баалар жана жеке буюмдары көрсөтүлгөн.

Музей ачылган учурдан тарта этнографиялык жана жаратылышка байланышкан коллекциялар менен активдүү толуктала баштаган. 1927-жылы Алай өрөөнүнө, ал эми 1928-жылы Суусамыр өрөөнүнө илимий экспедициялар уюштурулган. Бул сапарлар Кыргызстан элинин тарыхы менен маданиятын изилдөөгө багытталган кеңири программага кирген. Кийинки ондогон жылдар аралыгында республика аймагы боюнча ар тараптуу экспедициялар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө элдин күнүмдүк турмушун, ишенимдерин, кол өнөрчүлүгүн жана оозеки чыгармачылыгын чагылдырган материалдар топтолгон.

Жыйналган коллекциялар музейдин этнографиялык фондунун негизин түзгөн. Аларга материалдык маданияттын үлгүлөрү, салттуу кийимдердин элементтери, музыкалык аспаптар, жыгачтан, териден жана металлдан жасалган буюмдар кирген. Бул экспонаттар маданий практикалардын жана аймактык өзгөчөлүктөрүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берген. Туруктуу жана системалуу иштин аркасында музей Кыргызстан элинин мурасын изилдөө жана сактоо борборуна айланган. Анын фонддору илимий изилдөөлөр жана билим берүү программалары үчүн маанилүү булак болуп берген.

С.М.Абрамзон — музейдик коллекциялардын калыптанышында чечүүчү роль ойногон этнограф-окумуштуу. 1926-жылдан 1954-жылга чейинки этнографиялык экспедициялардын көбү анын жетекчилиги астында өткөрүлгөн. Анан «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» аттуу китеби окумуштуунун көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы болгон, бирок бул эмгек республикада талаштуу пикирлерди жараткан. Окумуштуу кийин мындай деп жазган: «… менин өзүмдү жана эмгектеримди керексиз таштандылардай көрүп, таштандыга ыргытуу үчүн колдорунан келгендин баарын кылышты!» Кыйынчылыктарга карабастан, анын изилдөөлөрү СССРдеги жана чет өлкөлөрдөгү илимий чөйрөлөрдө жогору бааланган. Абрамзон чогулткан коллекциялар музейдин этнографиялык бөлүмүнүн негизин түзүп, бүгүнкү күнгө чейин өз баалуулугун жоготкон эмес.

Музейдин маданий революциядагы ролу (1937–1949-жж.)

1935–1940-жылдары М.В. Фрунзенин музейинин өнүгүүсүндө Хоята Сафдаловна Вафина маанилүү роль ойногон. Ал Кыргызстандын маданият тармагындагы алгачкы аял жетекчилердин бири болгон. Анын демилгеси менен 1936-жылы Фрунзенин балалык, жаштык, революциялык жана аскердик ишмердүүлүк мезгилдерин камтыган алгачкы тематикалык-экспозициялык план түзүлүп, бекитилген.
1936–1937-жылдары Фрунзенин ата-энесинин үйү кайрадан оңдолгон: имараттын узундугу кеңейтилип, чатыры алмаштырылып, ички жасалгасы XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башындагы көчмөндөрдүн жана шаардык тургундардын жашоо мүнөзүн чагылдырган. Үйдө, флигелде жана мурдагы дарыкана-амбулаторияда Фрунзенин үй-бүлөсүнө тиешелүү түпнуска буюмдардан турган мемориалдык экспозиция түзүлгөн: сандык, кресло, гитара, веналык отургучтар, дарыгердин саквояжы, жип ийрүүчү прялка, комод, буфет, килемдер жана сүрөттөр. 1937-жылдагы архивдик сүрөттөр ошол кездеги интерьерлерди тастыктап турат: меши жана самоору бар ашкана, гитара коюлган конок бөлмөсү, бешиги бар жана фельдшердин иш үстөлү турган уктоочу бөлмө.
Фрунзенин үй-бүлөсү жана жергиликтүү тургундар менен кызматташуунун аркасында экспозиция жаңы буюмдар жана эскерүүлөр менен толукталып турган. 1930-жылдардын аягында музей ири маданий борборго айланып, 1939-жылы аны 30 миңден ашык адам көргөн.
1940-жылы М.В.Фрунзенин музейи өз өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам койгон. Революционердин көз жумгандыгынын 15 жылдыгына карата Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин токтому менен музейдин аты өзгөртүлүп, “М.В.Фрунзе атындагы Революция музейи” деген аталыштан “М.В.Фрунзенин үй-музейи” болуп кайра аталды (КССР ЭКСнын 1940-жылдын 15-мартындагы №112 токтому). Ошол эле жылы музейге В. Розгеевич директор болуп дайындалып, ал республикалык Эл агартуу комиссариатынан келген. Анын демилгеси менен кеңири изилдөө жана жыйноо иштери башталган — Михаил Фрунзенин революциялык жана аскердик ишмердүүлүгү менен байланышкан жерлер боюнча экспедицияларды уюштуруу пландаштырылган. Ошол мезгилдин маанилүү окуяларынын бири — Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин студенттери үчүн атайын М.В. Фрунзе атындагы стипендиялардын негизделиши болгон. Бул кадам музейдин илимий-агартуу системасындагы ордун бекемдеп, жаш кадрларды колдоого кошкон салымынын далили болуп эсептелет.

1941–1945-жылдары согуштук шарттарга карабастан музей ишин уланткан.

Чыныгы музей (1949–1965-жж.)

1949-жылдан тартып М. В. Фрунзенин үй-музейи мемориалдык мүнөздөгү жайдан илимий-изилдөө борборуна айлануу жолуна түштү. Директор болуп Капитолина Ивановна Попованын дайындалышы бул багыттагы бурулуш учур болду: биринчи тематикалык-экспозициялык план иштелип чыгып, системалуу илимий-изилдөө иши башталган. Негизги музей фондун толуктоо максатында кызматкерлер ар кайсы аймактарга иш сапарлар менен чыгып, архивдик материалдарды изилдеп, документтерди, сүрөттөрдү, жеке буюмдарды, каттарды жана гезиттик жарыяларды топтошкон. 1953-жылы илимий кеңеш түзүлүп, анда Фрунзенин революциялык ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган 11 бөлүмдөн турган кеңейтилген экспозиция планы бекитилген. 1960-жылы музей өзүнүн алгачкы басма эмгегин чыгарган, бул эмгек илимий кызматкер Л. В. Кулишованын калемине таандык «М. В. Фрунзенин өмүрү жана ишмердүүлүгү» аттуу биографиялык очерк болду.

1963-жылы музей кызматкерлери Борбордук Азия жана Казакстандын музейлеринин зоналык жыйынына катышып, кесиптик байланыштарды чыңдашкан. Ошол эле жылы имарат капиталдык оңдоодон өтүп, экспозиция жаңыртылган, айрым бөлүмдөр бириктирилип, көргөзмө жасалгасы жакшыртылган. СССР жана Кыргыз ССРинин Маданият министрликтеринин токтомдору музей ишине методикалык колдоо көрсөттү. Бул фактылар музейдин жалаң гана эскерүү жайы болбостон, тарыхый билим менен маданий мурастын калыптанышына салым кошкон активдүү илимий мекемеге айланганын далилдейт.

Фондду толуктоо жана кеңейтүү ишмердүүлүгүн күчөтүү менен, музей кызматкерлери өзгөчө баалуу документтерди аныкташкан: сот иштери боюнча протоколдор, телеграммалар, буйруктар, макалалар, сүрөттөр, жеке каттар жана башка материалдар. Эң баалуу экспонаттардын катарына 1903-жылы Фрунзе менен Поярков чогулткан гербарий, анын саякат жолун көрсөткөн электрлештирилген карта, сүргүндө жасаган үстөлү, түп нуска темир кишендер, сот жана өлүм өкүмүнө байланышкан документтер, Фрунзенин энеси жазган ырайым сураган өтүнүч каты кирет.

Музей СССРдин аймагындагы ар кыл музейлер жана архивдер менен кызматташтык орнотуп, Фрунзенин Түркстан фронтундагы, Ыраакы Чыгыштагы, Украинадагы, Белоруссиядагы жана Поволжьедеги ишмердүүлүгүнө байланышкан материалдарды алган. Жарандык согуштун ардагерлеринен эскерүүлөр жана артефактылар келип түшкөн. Сүрөтчүлөр экспозицияны толуктаган линогравюраларды жана скульптураларды жараткан. Алардын арасында А. А. Сгибнев менен
О. М. Мануйлованын эмгектери бар. Музей фонддоруна ошол доорду чагылдырган гезиттер, сүрөттөр, макеттер, чиймелер жана буйруктар келип түшкөн. Бул үзгүлтүксүз иштин аркасында музей Михаил Фрунзенин инсандык дүйнөсүн жана анын доорунун тарыхый контекстин кеңири ачып берген баалуу коллекцияны түзүүгө жетишкен.

1965-жылга карата М.В. Фрунзенин үй-музейи илимий мекеме катары таанылып, музей фонддору жана келүүчүлөрдүн саны кескин өскөн. Фрунзенин туулгандыгынын 80 жылдыгын белгилөө маанилүү коомдук окуя болуп, ага М.В. Фрунзенин жакын туугандары (кызы Татьяна Михайловна Фрунзе, небереси Елена, жээни Михаил Константинович Фрунзе) жана республиканын жогорку жетекчилиги катышкан. Бул маараке жөн эле майрам эмес, музейдин маданий жана илимий борбор катары мындан аркы өнүгүшүнө стратегиялык мааниси бар учур болгон.

Музей – үгүттүн куралы (1965–1991-жж.)

1966–1967-жылдары музейдин жаңы имаратынын курулушу жөн эле техникалык жаңыртуу эмес, Михаил Фрунзенин музейинин идеологиялык маанисинин архитектуралык чагылдырылуусу болду.

Архитекторлор Ю. Карих менен Г. Кутателадзенин долбоору катуулукту, монументалдуулукту жана символизмди камтыган. Имарат Фрунзенин атасынын үйүнүн үстүндө (мурдагы дарыкананын ордунда) курулган, үйдүн өзү сакталып, негизги мемориалдык экспонат катары имараттын түзүмүнө кошулган.
Фасад бетондон жасалган барельеф – революция менен жарандык согуш темасындагы панно менен кооздолгон. Ички бөлмөлөрдө жасалма микроклимат, жөнгө салынуучу температура, экспонаттарды сактоого жана коноктор үчүн ыңгайлуу шартты камсыз кылууга багытталган жарыктык системасы каралган. Имаратта үч кабатка жайгашкан экспозициялык залдар, убактылуу көргөзмө залы, кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү, фонддорду сактоочу бөлмөлөр орун алган. Фрунзенин үй-бүлөсүнүн үйү ата-энесинин жашоосундагыдай камыш менен жабылган, эмеректери консервацияланган. Баса белгилей кетүү шарт: музейдин азыркы имараты жана экспозициялык түзүлүшү – 1967-жылы ишке ашырылган архитектура жана илимий концепция. Минимализм стилинде курулган имарат бүгүнкү күндө да заманбап көрүнүшкө ээ. Анын лаконикалык формалары, функционалдуулугу жана экспрессивдүүлүгү музейдин курулган доорундагы кадыр-баркын жана маанисин сактагандай эле таасир калтырууда.

СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук музейинин катышуусу менен түзүлгөн илимий-экспозициялык план Фрунзенин өмүрүнүн бардык этаптарын — балалыктан аскердик армияларды башкарууга жана тынчтык курулушундагы катышуусуна чейин — камтыган. Өзгөчө көңүл «Фрунзе жана заманбаптык» бөлүмүнө бурулуп, ал жердеги экспозицияда анын идеяларынын советтик жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө улантылышы көрсөтүлгөн.

Музейдин ишмердүүлүгүнө жогорку баа мамлекеттик сыйлыктар менен тастыкталган. 1967-жылы жаңы имарат ачылган соң, музей бүткүл союздук музей ишмердүүлүгүнүн кароо-сынагында СССР Маданият министрлигинин II даражадагы дипломуна жана акчалай сыйлыгына ээ болгон. 1975-жылы М.В. Фрунзенин үй-музейи маданиятты өнүктүрүүгө, улуттар аралык биримдикти бекемдөөгө жана агартууга кошкон салымы үчүн Элдер достугу Орденине татыган. Бул сыйлык көп жылдык үзгүлтүксүз эмгекти, ошондой эле музей жамаатынын тарыхый эс-тутумду сактоодогу жана Фрунзенин образын жайылтуудагы ролун таануунун белгиси болгон. Музей Советтик Союздун алдыңкы маданий мекемелеринин катарында татыктуу ордун ээлеп, бүгүнкү күндө да ушул мурасты сактап келе жатат.

Фрунзе музейинен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейине чейинки жол (1991-ж. – азыркы учурга чейин)

Азыркы экспозиция 1966-жылы түзүлгөн жана ошол убактан бери дээрлик эч кандай өзгөрүүлөргө учураган эмес. Жаңыртылган үй-музей 1967-жылы белгилүү датада — Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 50 жылдыгында — ачылган.

Экспозиция ошол учурда профессионалдык деңгээлде жасалган, бирок моралдык жактан эскирген, музей өткөн доордун визуалдык эхосу катары кабыл алынат. 1991-жылдан бери Кыргызстанда кеминде эки муун алмашкан, ар бири өзүнүн дүйнө таанымына ээ. Улуттук-мамлекеттик курулуш контекстинде М. Фрунзенин музейи алдында мемориалдык музейден саясий тарых музейине өтүүнү кантип жүзөгө ашыруу маселеси турат.

2025-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен «Эс-тутум маданияты жана маданияттагы эс-тутум. М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына карата» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, анда саясий тарых музейлеринин ишмердүүлүгү жана инсандык фигуранын тарыхтагы ролу талкууланган.

Музейдин жаңы имаратын долбоорлоодо архитекторлор Ю.П. Карих менен Г.П. Кутателадзе «форма ичинде форма» ыкмасын колдонушкан, бул аркылуу В. Фрунзенин үй-бүлөлүк үйү сакталып, музейдин экспозициялык аянты 8 эсе өскөн: 240 метрден 2000 метрге чейин.

Бул ийгиликтүү архитектуралык чечим «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейи» реэкспозициясынын илимий концепциясында талап кылынган көп катмарлуулукту жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Анда М. Фрунзенин өз алдынча павильону түзүлүп, үй саясий тарых музейинин уникалдуу экспонаты катары сакталат. Мунун аркасында экспозициянын мазмундук өзгөрүүсү менен имараттын эмоционалдык-образдык мүнөзү корголот.

К.М.Алмакүчүков,

М.В. Фрунзенин Мемориалдык

үй — музейинин директору,

экономика илимдеринин доктору, профессор