«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКы 1.2 млрд сомго акцияларды чыгарат. Акционерлер жыйыны тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Такталгандай, чыгарылган акциялардын толук көлөмү Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна берилет. Акциянын чыгаруусу Финансы министрлиги тарабынан каржыланат.
Эске салсак, бул чечим 16-мартта кабыл алынган. Бир акциянын баасы 10 миң сомго барабар.