Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, «Менин үйүм» программасынын алкагында бардык аймактарда ипотекалык батирлердин курулушу жүрүп жатат.
Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мырзагүл Сардарбекованын айтымында, учурда республика боюнча 7 миңге жакын батир курулууда.
Эгер мурда жылына 400-500 ипотекалык насыя берилсе, азыр бул көрсөткүч миңге жетти. Ипотекалык насыялар 2–6%дык үстөк менен сунушталууда.
2030-жылга чейин 20–30 миң батир куруу пландалууда. Азырынча 40 миңге жакын жаран арыз берген.

