Сентябрь айынын ичинде мамлекеттик ипотекалык турак жай программасы боюнча жарандардын кезеги жаңыртылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калкты тейлөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, акыркы жолу кезек май айында түзүлгөн жана ошондон бери жаңыланган эмес. Учурда тизмени жаңылоо боюнча иштер жүрүп жатат.
“Кезек жаңыртылгандан кийин жеңилдетилген жана арзан ипотека багыттары боюнча канча жаран батир алып, кезек канчалык жылганын көрүүгө болот. Учурда курулган үйлөрдүн 60 пайызы жеңилдетилген ипотекага, 30 пайызга жакыны арзан ипотекага, ал эми 10 пайыздын тегерегинде социалдык ипотекага бөлүнүүдө”, — деди Тотубаева.
Ал ошондой эле өлкөдө бюджеттик тармактын кызматкерлери көп болгондуктан, негизинен жеңилдетилген жана арзан ипотекага талап жогору экенин белгиледи. Батирлер үлүштүк турак жай механизми аркылуу пропорционалдуу бөлүштүрүлүп, анын 50 пайыздан ашпаган бөлүгү үлүштүк негизде, калган бөлүгү ипотеканын үч багыты боюнча берилери кошумчаланды.