Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8,5 млрд. сом суммасында кредиттер берилип, алуучулардын саны 168,4 миң адамды түздү,-деп билдирди Улуттук статистикалык комитет. Маалыматка таянсак, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү — 23,4%га көбөйгөн.