"Эркин-Тоо"

МИЛДЕТИН ТАК АТКАРГАНДЫН ИШИ АК

Шаршемби күнү Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин «Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи» аттуу жылды жыйынтыктоочу жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы жыйынды ачып жатып аткаруу бийлигинин бир жыл ичинде жасаган иштеринин жыйынтыктары боюнча отчёту катары жыл сайын эл алдында кеңири маалымат берүүнү адатка айландыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы азыркыдай татаал шартта экономикалык ыкчам өсүштү камсыздоо башкы милдеттердин бири деп белгиледи. Ага жетишүү үчүн эң ириде мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялап, ашкере бюрократиядан арылтуу, санариптик жана инновациялык технологияларды жигердүү киргизүүнү айтты. Ошондой эле дүйнөлүк санарип жана нанотехнологиянын агымына активдүү аралашууга басым жасалып жатканын белгилеп өттү. Ал экономиканын өнүгүүсү мамлекеттик кызматкерлердин өзүнө тагылган милдетти канчалык жоопкерчиликтүү жана так аткарышынан көз каранды экендигине басым жасады.

Жыйында Президент Садыр Жапаров экономикалык көрсөткүчтөр боюнча айрым маалыматтарды келтирди. 2022-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясы 781,4 миллиард сомду түзүп, 7%га өсүш камсыздалды. Ошондой эле быйылкы жылдын бюджети 400 млрд сомдон ашыгы менен жабылышы күтүлүүдө. Республикалык бюджеттин эсебинен 200дөй социалдык объекттер курулду же оңдоп-түзөлгөн. Инвестициялык каражаттардын өздөштүрүлүшү 32,2 млрд сомду түзгөн. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Ошону менен катар Мамлекет башчысы инвестициялардын бекитилген бюджетинен каражаттар толук өздөштүрүлбөй, аткаруусу 0 пайызды түзгөн долбоорлор бир катар мамлекеттик органдарда бар экенин белгилеп өттү. Аларга: Финансы, Энергетика, Айыл чарба министрлиги сыяктуу бир катар министрликтер кирет.

Президент даяр акчаны иштетип, натыйжа бере албаган жетекчилерге чечкиндүү чаралар көрүү керектигин айтты.

2022-жылдын январь–октябрь айларында бюджеттик жана башка мекемелерде айлык акылар көбөйдү. Искусство жана эс алуу тармагында — 65,7%га, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында — 52,2%га, билим берүү тармагында — 43,%га, мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо — 28,%га, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик тармагында — 25,9%га, пайдалуу кендерди казуу тармагында — 23,7%га, мейманканалар жана ресторандардын ишмердиги — 22,7%га, курулуш чөйрөсүндө 21,1%га жогорулады. Президент салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү 2022-жылы кирешенин жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылды деп белгиледи. Өлкөбүз быйыл тышкы саясатта кызматташууну жолго коюп, эл аралык иш-чараларга активдүү катышып, дүйнөлүк коомчулуктун, донорлордун жана финансы институттарынын көңүлүн бура алды.

Быйыл «Кумтөрдү» мамлекетибиздин менчигине, элдин энчисине кайтара алдык деп белгилеп, мындан ары кенбайлыктарыбызды республикабыздын өнүгүүсү үчүн мамлекет өзү иштетет, — деди Президент. Ошондой эле «Камбар-Ата-1» ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн жараткан «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча ири долбоорлордун ишке ашырыла башташы — буга чейин айтылып келген ири долбоорлордун ишке аша башташынын айкын мисалы боло алат.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жаңы технология, креативдүү экономика менен катар эле улуттук наркнасил, баалуулуктар айкалышканда гана реформалар ишке ашып, жакшы жыйынтыгын бере тургандыгын дайыма айтып келет. Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында да мына ушуну баса белгиледи.

Мамлекет башчысы чек ара маселесине да токтолду. Чек ара толук чечилмейин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет. Андыктан Тажикстан менен болгон чек араны тынчтык жолу жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тактоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз, — деп белгиледи. Ошондой эле экология маселеси да көңүлдөн тыш калган жок. Бул маселеде жашыл экономиканы өнүктүрүү, жашылдандыруу иштерин тездетүү, энергиянын кайра жаралчу булактарына жана электромобилдерге өтүү заман талабы экенин баса белгиледи.

Президент рухий баалуулуктар темасына кайрылып, “Манас” эпосу жана “Манас” театрынын ачылышы, диний уюмдар менен өз ара кызматташуу, кыргыз жараны жана эне тил маселелерине токтолду.

Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн мамлекеттик тил өзгөчө орунду ээлери курулай сөз жүзүндө калып, кагаз бетиндеги макала-баяндамаларда эле айтылып, иш жүзүндө ага көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык!”, — деп белгиледи Садыр Жапаров. Ал бул багытта чечилбеген маселелер көп экендигин айтып, мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүгүртүү боюнча Infodocs системасы аркылуу айрым министрликтердин жана ведомстволордун статистикалык көрсөткүчтөрүнө канааттанбаганын айтып, атап өттү. Алар: Экономика жана коммерция, Санариптик өнүгүү, Юстиция, Энергетика министрликтери болуп саналат.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№114 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 30-декабры

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!