Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Бурул Калматова ММКлардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө камсыздандыруу иштери 2016-жылдан бери жүргүзүлө баштаган. Милдеттүү камсыздандыруунун беш түрүнө турак-жайларды өрттөн камсыздандыруу, жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу, жүргүнчүлөрдү ташуучулардын, кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жоокерчилигин, шахта сыяктуу кооптуу жумуштардагы жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу кирет», — деди Калматова.