Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө болгон каракчылык фактысы боюнча
кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
«Милиция кызматкерлери тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө, каракчылыкка тиешеси бар төрт адам тең өздүктөрү аныкталды. Маалыматтары тергөөнүн амалдарынын кызыкчылыгына байланыштуу сыр болуп, ачыкка
чыгарылбайт. Учурда кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп билдиришти шаардык милициядан.