Милиция аралашкан мушташ териштирилет

28-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштирилип баштады. Бул тууралуу 28-январда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 20-январь күнү Майлуу-Суу шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Майлуу-Суу шаардык ооруканасынан жаракат алган эки адам тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле шаардын тургундары, 1999-жылы туулган Н.К. жана А.К. аттуу жарандар денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Бул фактыны Майлуу-Суу ШИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери Маалыматтарды электрондук каттоо журналына каттап, териштирүү башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө Майлуу-Суу шаардык милициясынын эки кызматкери менен жергиликтүү эки тургун 19-январь күнү мушташып кетишкендиги аныкталган. Учурда төртөө тең ооруканада жатат.

Факт боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилгени маалым болду.

28-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X