Кыргызстанда 11-апрелде, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү. Бул күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт.
Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 5-апрелден баштап күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Мыйзам бузуулар учурунда, милиция кызматкерлеринин ыкчам топтор менен биргеликте тез аранын ичинде чара көрүүсү тууралуу ички иштер министринин талаптары коюлган.
Шайлоо жана референдум күнү коомдук коопсуздукту 11 миң милиция кызматкери камсыздап, шайлоо тилкелеринде 4 миңден ашуун укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштейт. Мыйзам бузууларды алдын алып, чара көрүү үчүн 215 документтештирүү тобу түзүлдү. Ал топтордо 900дөн ашык кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Ошондой эле, 380ден ашык автоунаа менен 1 500дөн ашык кызматкер шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. 6 миңден ашык элдик кошуун ички иштер органдарынын кызматкерлерине көмөк көрсөтөт.