"Эркин-Тоо"

Милиция кызматкерлери адам сатууга шектелген жаранды кармашты

Милиция кызматкерлери адам сатууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын (КИББ) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө адам сатууга байланыштуу кылмыш фактылары аныкталды.

ИИМдин КИББнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери чет өлкөлөрдө сексуалдык эксплуатациялоо максатында адамдарды сатуу менен алектенген адамдардын тобунун ишине бөгөт коюшту.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине белгисиз бир жаран (аял киши) алдап, жогорку маяна алуучу жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды Түркияга жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан жаран адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «Адамдарды соодалоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө, шектүү адам Чүй облусунун тургуну экендиги аныкталып, ал жогорку акы төлөнүүчү жумушка убада кылып, Кыргызстандын башка жаранын сексуалдык эксплуатациялоо максатында чет өлкөгө жиберүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ИИМдин КИББнын 2-бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.К. (аял киши) кармашкан. Анын чет өлкөгө адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлду.

Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда адамдарды сатуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!