"Эркин-Тоо"

Милиция кайгуул кызматкерлери темир жолдо уктап калган жаранды куткарып калышты

Темир жолдо уктап калган жаранды кайгуул кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда темир жол тосулуп, авто унаалар поезддин өтүп кетүүсүн күтүп, токтоп турган болот. Кайгуул кызматкерлери башка унаалардай эле күтүп токтоп турган учурда, алыстан темир жолдо белгисиз жаран жаткандыгын байкап калышат. Каттуу ылдамдык менен келе жаткан поезддин каттуу үнү угулат, ошого карабастан ыкчам аракеттин негизинде, өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, темир жолдо жаткан жаранды куткарып калышат.

Кийин тактоо учурунда бул жаран өз сөзүндө өз жанын кыюга аракет кылбагандыгын жана мас абалында жөн кана уктап калгандыгын айтып, туруктуу жашаарга үй-жайы жок жаран экендигин билдирет.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!