Жарандардын жана Кыргыз Республикасына эс алууга келген туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында, Чүй облусунун ички иштер органдарында 700 дөн ашуун кызматкерлер иш алып барышат. Учурда Чүй облусу боюнча 35ден ашуун эс алуу жайлары конокторду кабыл алышууда. Жер-жерлерде ошондой эле эс алуучу аймактарда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жети милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу иштерин алып барышууда, деп кабарлайт ИИМдин басма сөз кызматы.