"Эркин-Тоо"

Милициянын кайгуул кызматкерлери самакат уурдоого шектүү жаранды аныктады

Самакат уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-июлунда болжол менен саат 06:30 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндө самакат уурдалды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, белгисиз жаран электро скутерин чала тааныш жаран уурдап алгандыгын кабарлаган.

Чакыруу менен келген кызматкерлер ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, арыз ээси менен биргеликте, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган С.Э. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБне андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!