"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Милициянын капитаны кармалды

УКМК интернетте эркектин аялды бетине чаап жибергенин көрсөткөн видео боюнча чара көрүп, видеодогу адамдын ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О.Б. экендигин аныктады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) менен кылмыш иши козголду. Буга чейин Н.К.Н. аттуу жаран 2025-жылдын 17-майында ГЭС-5 аймагында болгон окуя тууралуу арыз менен кайрылган.

Мындан тышкары, тергөө учурунда ага карата 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону аныкталды.

Бул эки окуя тең коомчулукта чоң нааразылыктарды жараткан. УКМК тарабынан тергөө иштери уланууда.