Баткен облусунун Кадамжай районунда милициянын майору Азамат Ахунов 15 жаштагы кыздын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыз Исфайрам дарыясына агып бара жатканын байкаган жергиликтүү тургундар ыкчам түрдө милицияга кабар беришкен. Окуя болгон жерге дароо жеткен Кадамжай РИИБдин кызматкери, милициянын майору Азамат Ахунов дароо сууга секирип, эс-учун жоготкон өспүрүмдү куткарып калган.
Кыздын ата-энеси жана жакындары куткаруучу милиция кызматкерине ыраазычылыгын билдиришти.
Көрсөткөн эрдиги үчүн бүгүн майор Ахуновго Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан медаль тапшырылды.