"Эркин-Тоо"

Милициянын полковниги Индира Акматбаева: “Түрмөдөн чыгып, саламга келгендер көп болду…”

 Быйыл кыргыз милициясы 100 жылдык мааракесин белгилегени турат. 1-ноябрда мамлекеттик деңгээлде өтө турган кылымдык иш-чараны утурлай өзүнүн өмүрүн өлкөбүздүн коомдук, коопсуздук тармагына арнаган, укук коргоо органында эркектерден кем калышпай ийгилик жараткан Индира Акматбаеваны азын-оолак кепке тарттык.

— Индира Байболотовна, айымдарга анчалык мүнөздүү эмес, ары татаал милиция кесибин тандап алышыңызга эмне түрткү болду?

— Мектепте окуп жүргөн кезимде Москвадан атайын комиссия келип, өспүрүм кыздарды балет мектебине кабыл алуу үчүн тандоо жүрүп жатканынан кабардар болдум. Парталаш курбум Рита экөөбүз балалык кыялыбыз менен Москвага барып, балерина болууну чечтик. Балалык таттуу кыялдарымдан кабардар болгон атам өзү Орусиядан окуп келгенине карабай, үй-бүлөдө кыз болгон үчүнбү, айтор, мени мекенден алыска таптакыр жөнөткүсү келбеди. Ошентип, менин балерина болом деген балалык кыялыма чекит коюлган. Орто мектепти аяктаар алдында атам мага кыз-келиндер пединститутуна тапшырууну сунуштады. Бирок, мен өзүмдү таптакыр мугалимдиктен көрө албадым да, КТАУга тапшырдым. Тилекке каршы, сынакта топтогон упайым жетпей, бул окуу жайга да өтпөй калдым. ЖОЖго өтпөй калган соң бош жүрө берүүнү каалабай, алгач Бишкек ШИИББнин катчылык кызматында, андан соң Чүй ОИИББында эркин жалданган кызматында иштеп жүрдүм. Так ошол убактарда жан дүйнөм менен милиция кесибин өзгөчө сүйүп, өзүмдү башка кесипте иштеп жүргөнүмдү элестете да алган жокмун. Акыры 1994-жылы Бишкектеги милициянын Академиясына тапшырып, аталган окуу жайды 1998-жылы ийгиликтүү аяктадым. Башында милициянын иши татаал экенин айткан атам бара-бара менин кесип тандоомо макул болуп, мындан кийин колунан келишинче мени колдоп жүрдү. Милицияга келишимдин кыскача таржы-макалы ушундай.

— Полковник чинин багындырганыңызга чейин кызматтык ишмердүүлүгүңүз кызыктарга бай болсо керек. Бул жагынан эсте калган ирмемдерден бөлүшүп кетпейсизби?

— Академияны 1998-жылы аяктаган соң жолдомо аркылуу Сокулук РИИБге тергөөчү болуп дайындалдым. Түйшүгү күч, татаал тергөө кызматы айымдар үчүн канчалык деңгээлде кыйынчылык жаратаарын милицияда иштеген ар бир адам билери бышык. Сокулук РИИБде 5 жыл иштеген соң 2003-жылы баш калаабыздын Биринчи Май РИИБге тергөөчү болуп дайындалдым. Андан кийин Бишкек ШИИББдин кадрлар бөлүмүндө, Октябрь РИИБдин паспорт бөлүмүндө инспекторлук кызматында, ИИМдин өздүк курам менен иштөө башкы башкармалыгынын башкы инспекторлук кызматтарында эмгектенип, ардактуу эс алууга Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын бөлүм башчы кызматынан чыктым. Буларды тизмектегеним, ар бир кызматта иштеген учурлар өзүнө жараша кызык окуялар менен коштолот. Сокулук РИИБде тергөөчү кезимде бир жаш кыргыз жигит досу экөө кум алып келүү үчүн короодо токтоп турган жүк ташуучу машинени айдап чыгышат. Кумду жүктөп, кайра келе жаткан кезинде машина аңтарылып, досу аман калат да, рулдагы өзү каза табат. Факт боюнча тийиштүү тергөө амалдарынын баары аткарылып, кылдат текшерүүдөн өткөн соң маркумдун кырсыктан улам көз жумгандыгы такталат. Бирок, иш сотко келгенде каза болгон жигиттин Орусиядан келген эжеси инисинин кырсыктан каза тапканынан күмөн санап, судья кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтөт. Ошентип, тергөөнүн татаал процедураларына кирген эксгумация жасала турган болот. Мындай шартта жергиликтүү молдодон уруксаат алыш кыйынга турду. Эки саат бою тынбай сүйлөшүү аркылуу молдону араң көндүрдүм. Тергөөчү катары бул иште жоопкерчиликтүү адам болгон соң өзүм менен кошо тийиштүү адамдарды алып, мүрзөгө барып, сөөктү казууга аргасыз болдук. Маркумдун сөөгүн текшерүүдөн өткөргөн эксперттер анын киши колдуу эмес, дем алуу органдарына кум толуп, деми кыстыгып каза тапканы тууралуу жыйынтык чыгарып беришкен соң маркумдун туугандары дооматтары жок экенин билдиришкен. Мындай ирмемдерди эстесең көп эле иштер эске түшөт. Өзгөчө тергөөдө иштеп жүргөн убактарда кызык окуялар көп катталчу. Кылмышка кириптер болуп камалып, андан соң соттолуп, жазасын өтөп чыккандан кийин бир нечеси мага көчөдөн көрүп калганда саламга келип, ал-абалымды сурагандары болду. Муну айтканым “мени түрмөгө отургузуп, камагансың” – дебестен, жазасын өтөп чыккандан кийин ката баскандары сабак болуп, тааныбай калганыма карабай учурашкандарын жакшы ирмемдер менен эстейм.

— Сиздин ИИМдеги ишмердүүлүгүңүздө бир кызыктуу жагдай бар экенин кесиптештериңиз сөз кылып жүрүшөт. Тагыраагы, буга чейинки өлкө жетекчилери ИИМдин кызматкерлерине кызматтык батирлерди тапшырган учурда сизге алардын жанында лента же үйлөрдүн ачкычтарын карматышчу экен. Мындай тапшырма кокусунан тапшырылганбы же ИИМ жетекчилиги атайын “ырым кылып” бул ишке сизди коюшканбы?

— Андай деле “ырым” жок (күлүп). Биринчиден, мамлекеттик деңгээлдеги жогорку иш-чара протоколдун негизинде өтөт. Албетте, мындай иш-чарада сырткы келбеттин жарашыктуулугуна талап коюлат. Муну менен өзүмдү өтө мактаган жерим жок, болгону жумуштун талабын айтып жатам. Болгону эле ошол. ИИМге тиешелүү жогорку иш-чараларда Өлкө жетекчилигинин жанында жанаша туруп, маанилүү окуяларга катышканымды көптөр сөз кылышат. Бул эми маңдайга жазылган буйрук, тагдырдын бир энчиси болсо керек.

                                                                                                                                                 Калыгул Бейшекеев

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!