"Эркин-Тоо"

Милициянын укугун коргогон мыйзам долбоору сынга кабылды

Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш артка кайтарды. Парламент бүгүн мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талкуу учурунда көпчүлүк депутаттар аны сынга алып,  бул мыйзам укугун коргогусу келген жарандарга каршы иштеп калышы ыктымалдыгын  айтышты. Депутат Дастан Бекешев милиция бул мыйзамдан пайдаланып, «опуза» кылышы мүмкүн экендигин белгиледи. Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорунун авторлоруна мүчүлүштүктөрдү жоюп,  толуктоолорду киргизүүнү тапшырышты.