Кыргызстанда профайлерпсихолог кесибин алып жүргөн бир гана адис бар. Ал — «PROFILING KG GROUP» окутуу борборунун жетекчиси, милициянын отставкадагы подполковниги Арсланбек Камчыбеков. Аталган адистикке ээ болуу үчүн Арсланбек Камчыбеков Москва шаарындагы калпты изилдөө эл аралык академиясынан билим алган. Учурда ал милиция, аэропорт кызматкерлерине мимика, кыймыл-аракетинен калпын аныктоо боюнча окутууларды өтүп келет.
— Арсланбек мырза, сиз өзгөчө кесиптин ээсисиз. Болгондо да Кыргызстан боюнча жалгыз адис экендигиңиз айтылып жүрөт.
— Ооба, мен профайлерверификатор, психоаналитикмин. Профайлер-верификатор байкоо жүргүзүү аркылуу 2-5 мүнөттүн ичинде адамдын мүнөзүн, өзгөчөлүгүн, калп айтканын же чын сүйлөп жатканын мимика менен эмоциясынан, бет булчуңдарынын кыймылынан, өзүн алып жүрүүсүнөн, кол жаңсоолорунан байкап биле алган адис. Профайлинг өзүнө психология, физиология, лингвистика, антропология, криминалистиканы да камтыйт. Профайлинг кылмыш болгон жерде кылмышкердин калтырган издери аркылуу анын психологиялык портретин, башкача айтканда профилин түзүү дегенден келип чыккан. Кийин аталган термин өзгөчө коркунучтуу адамдарды, кылмышкерлерди табууга карата колдонула баштады. Профайлерверификатор адистиги мыкты эстутумду, аналитикалык ой жүгүртүүнү, өтө байкагычтыкты, токтоолукту талап кылат. Бул кесипке кызыгуум ИИМ академиясында сабак берип жүргөн кезден башталып, кийинчерээк Москва шаарындагы Калпты изилдөө эл аралык академиясынан билим алып келгем.
— Кыргызстанда профайлинг кызматы пайдаланылабы?
— Негедир биздин өлкөдө психоаналитикага, адамдарга илим аркылуу байкоо жүргүзүп, изилдөөгө кызыгуу жок. Мен милиция, атайын кызматтардын жана аэропорт кызматкерлерин окутуп жүрөм. Профайлинг Кыргызстанда 2016-жылдан тарта колдонулуп, «Манас», Ош эл аралык аэропортторунун авиация, бажы тармагынын адистерин окутуудан башталган. Айрыкча азыр коопсуздук чараларын күчөтүү үчүн бул кызматтын зарылчылыгы күч. Шылуундук, алдамчылык көбөйдү. Адамдар күндө калп айтышат. Изилдөөлөр боюнча бир жылда аял болжол менен 728, эркек 1092 жолу орчундуу калп айтары далилденген. Жакшы тааныш эмес адамдар бири-бирин бир минутанын ичинде 3 жолу алдап коё алат. Бул статистикалык маалыматтар. Андыктан коом жок дегенде профлайнингдин базалык бөлүгүн билгени жакшы.
— Адамдын калп айтып жатканын кантип аныктоого болот?
— Калп айтып жаткан адамга тиешелүү белгилер көп. Биз адамдарды байкоо аркылуу анын калп же чын сүйлөп жатканын аныктайбыз. Мисалы, калп айтып жатканы үчүн өзүн ыңгайсыз сезип кулагын, чачын, көзүн кармалайт, тырмагын тиштегилейт, колдорун кырсылдатат, жаагын кашыйт. Ошол кездеги абалды көргүсү келбей көзүн башка жакка алып качат. Үнү бирде басаңдап, бирде жогорулайт. Көздүн кареги кеңейет, өңү бозорот. Ал эми калпы билине баштаганда кызарып чыгат. Айткандарын аягынан баштап кайра сураса мурунку айткандарын толугу менен айтып бере албайт, өзгөчө даталардан, убакыт-сааттан жаңылат. Калп айтууда адамдын дене табы көтөрүлөт. Анткени, дененин температурасын көзөмөлдөөчү мээнин бөлүгү активдешет. Ошол үчүн мурун жана анын тегереги тердейт. Калп айтып жаткан адамдын бүт булчуңдары активдүү болот. Ошол ички чыңалуулар биригип келип мурундун учуна берилип, дүүлүктүрөт. Андыктан адам мурдун кармалайт, бет булчуңунун бири тартылат. Норма боюнча адам көзүн 1 мүнөттө 15 жолу ирмейт, ал эми калп айтканда мүнөтүнө 15-28 жолу ирмеп жиберет. Калп айткан адам жаланат, шилекейин жутунат. Эмнеге дегенде ал канчалык бир деңгээлде стресске тушугуп, оозу кургайт. Дагы калп айтып жибербейин деп колу менен оозун жабат. Сизге сурак берип жаткан адамдын көзү оң тарапты караса чындыкты, сол тарапка караса калп айтып жаткандыгынын белгиси. Эркектер көбүнчө көзүн ушалашат. Калп айткан аялдар макияжын оңдоп жаткансып көзүнүн алдын, моюнундагы чынжырчасын кармалайт, оозун колу менен жабат. Дем алуу оор болуп турат. Бул базалык түшүнүктөр. Жалган айткан адамды аныктоонун дагы терең ыкмалары өтө көп.
— Профайлерди да алдап кетүүгө болобу?
— Албетте, алдоого болот. Эгер адамдын актёрлук чеберчилиги мыкты өнүккөн болсо алдай алат. Бирок, адам эмоционалдык абалын толук жашыра албайт. Адамдардын бет булчуңдарынын кыймылы анын ички сезимдерин баари бир айтып берет. Мисалы, сизди карап күлүп жаткан адамды айталы. Эгер ал чын дилден күлгөн болсо оозу менен көзүнүн жанындагы булчуңдары тең иштейт. Калп эле күлүмсүрөгөн адамдын бетинин үстүңкү бөлүгү кыймылсыз турат. Антип фотомодельдер, айрым саясатчылар күлүп калышат. Таң калуу эмоциясын эч ким жасай албайт. Таң калуу эмоциясы эң кыска эмоциялардын катарында. Биз профайлерлер алдыбызда олтурган адамга суроо берип, секундалардын арасында анын ички туюмдарын байкап коёбуз. Бул кесип негизи илимди таанып билүүдөн сырткары талантты да талап кылат.
— Азыр коомчулук калпка бат ишенет. Элди ар кайсы багытка жетелеп, тыйынын тартып алгандар да көбөйдү. Бул абалдан кантип чыгабыз?
— Адам калп айтпай жашай албайт. Бул табигый нерсе. Чындыкты көпчүлүк көтөрө албасын да белгилегим келет. Эгер калп жок болсо көп мамилелер бузулмак. Жада калса дос да күтө албай каласың. Бирок, бул калп айта бергиле дегенди билдирбейт. Сиз өзүңүз жалган айта турган жагдайды түзүп же ага жеткирип албашыңыз керек. Адамдар көп нерсени бурмалашат. Бул калптын эң жаман түрү. Бизге аң сезим эмнеге берилген. Коом өзү кайда баратканын талдап билиши зарыл. Айрым компаниялардын алдоо жолу менен акча алып жатканын билип туруп аларга тартыла берүү акылсыздыкка эле жатат.
— Калпты кайсы кесиптин ээлери көп айтат?
— Соода тармагында иштегендер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Соодагерлер товарын өткөрүү жана кардарларын көбөйтүү үчүн сөзүнүн 69 пайызын калптан курайт. Ал эми сот, прокурор, бажыкана, атайын кызмат жана каржы кызматкерлери, милиция, адвокаттар иштеги өз кызыкчылыктары үчүн жалган айтышат. Адамдар зыянсыз калпты да көп сүйлөшөт. Мисалы, урушкандарды жараштыруу, адамды стресстен чыгаруу максатында жана башка учурларды кошсок болот.
— Диний экстремисттерди аныктоонун жолдору барбы?
— Албетте, болот. Биз аларды таанып-билүүнү окуп үйрөнгөнбүз. Экстремисттерди кыймылы, жүрүм-туруму, тышкы келбети, көп нерселери өзгөчө болот, жадагалса тамекисинин түтүнүнүн багыты да бөлөкчө болот. Алар канчалык деңгээлде жашырынбасын таанып-билип алуу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин адистик андыктан азыр өтө керектүү болуп турат. Атайын кызмат адамдарын окутуп, сертификат берип жатабыз. Бирок, Кыргызстанда бул кесипке чындыгында кызыгуу жок. Мисалы, Өзбекстандын атайын кызматтары профайлерди көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жаткан учуру экен. Мага бул өлкөдөн чакыруу келди.