"Эркин-Тоо"

Министр Гүлнара Баатырова Эрдогандан сыйлык алды

Түркиянын Стамбул шаарында, 30-31-октябрда Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк конгресси болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конгресске саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана саламаттык сактоо тармагындагы окумуштуулар катышты.

«Конгрестин жүрүшүндө саламаттык сактоодогу изилдөөлөр (вакциналар-дары-диагностика), санариптик трансформация жана жасалма интеллект, залалдуу шишиктер, сейрек кездешүүчү оорулар, геном жана анын келечеги, Түрк фармакопеясы жана аны колдонуу эрежелери боюнча илимий жолугуушулар болду. Конгресстин алкагында 31-октярбда Түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу болду. Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу жана медициналык кадрларды даярдоо, «Биргелешкен ден соолук жумалыгын» уюштуруу, Түрк медицина дүйнөсү конгрессинин алкагында биргелешкен ден соолук бизнес форуму жана жарманкесин уюштуруу маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

2023-жылы өткөрүлө турган IX Түрк медицина дүйнөсүнүн конгресси Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлө тургандыгы белгиленди.

«Мүчө мамлекеттердин вакциналарды, дары-дармектерди, медициналык буюмдарды жана материалдык муктаждыктарын сатып алуунун, биргелешкен альтернативдүү өндүрүш механизмдерин иштеп чыгуу, биргелешкен өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана ата мекендик өндүрүштөрдү өз ара таануу маселелери Түркия тарабынан демилгелентп, аталган демилге мүчө мамлекеттер тарабынан колдоого алынды. Конгресстин алкагында Түркия, Казахстан, Өзбекстан жана Азербайджандын саламаттык сактоо министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар орун алды», — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында, Түрк медицина дүйнөсүнүн VIII дүйнөлүк конгрессинин жыйынтык декларациясы кабыл алынды.

Андан тышкары, «Медицинанын тарыхына жана жалпы мураска таазим» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, ага Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышты. Сыйлык тапшыруу аземинде Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери өз өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин атынан Реджеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлыктарды алышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!