"Эркин-Тоо"

Министр Каныбек Иманалиев ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен билим берүү долбоорлорун талкуулады

Бүгүн, 9-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билим берүү тармагындагы долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, ЮНИСЕФтин кызматкерлери гигиеналык эрежелерди окутуу, санитардык-гигиеналык каражаттарды жеткирүү, 5-6-класстардын окуучуларынын билимин баалоо инструменттерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, «Билим берүү мекемелериндеги тобокелдиктерди азайтуу» жол картасын ишке ашыруу, ата-энелер үчүн балдарды өнүктүрүү жана тарбиялоо жөнүндө Беббо мобилдик тиркемени ишке киргизүү, инклюзивдик билим берүү боюнча педагогдор үчүн онлайн курсту түзүү, мектептерди интернетке туташтыруу долбоорлору тууралуу айтып беришти.

Министрлик Bebbo тиркемесинин мазмунун жаңыртууда, окуучулардын билимине баа берүүдө, мектептер үчүн санитардык-гигиеналык каражаттарды бөлүштүрүүдө жана башка билим берүү долбоорлорунда өз ара аракеттенүүнү мерчемдөөдө.

Жолугушууга ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Томоя Сонода жана билим берүү боюнча координатор Марлен Алишев катышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!