"Эркин-Тоо"

Министр кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазычылык билдирди

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбева аба ырайынын катаал шартына карабастан, сабагын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазычылык билдирди.Бул тууралуу  Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарга тараган видеодо Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери Дамира Султанбаева менен Бактыгул Дадакееванын тизеден жогору карды кечип, мектепке бара жатышкан көрүүгө болот. Анткени 20-февралда Жыргалаң айылында катуу бороон болуп, техниканын жетишсиздигинен бардык көчөлөр тазаланган эмес. Ага карабастан мугалимдер толук жумушка чыккан.
Аталган Т.Асанбаев атындагы орто мектепте 163 окуучу билим алат. Мектепте от жагылып, жылуу болгондуктан сабактар кадимки режимде өтүлүүдө.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!