Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерге аномалдуу суукта электр жарыгын үзгүлтүксүз берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Таалайбек Ибраев кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүп, ыкчам иш алып барууга чакырды.
«Өзүңөр билгендей Кыргызстан боюнча тоолуу аймактарда өзгөчө суук болот. Алдыда күтүлүп жаткан катуу суук күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып баргыла. Энергетиктердин милдети калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү», — деди министр.
Ошондой эле ал тиешелүү адистерге алдыдагы суук күндөрдү эске алуу менен калкка жана ЖЭБге көмүрдү тынымсыз ташуу тапшырмасын койду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча ушул аптада Кыргызстанда катуу суук болору күтүлүүдө.