"Эркин-Тоо"
Иш-жума

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ИЛИМИЙ ДОЛБООРЛОРДУ КОЛДООГО ДАЯР

Шаршемби күнү Министрлер Кабинети сандык жана сапаттык параметрлерге чыгуу менен экономиканын туруктуу өсүү темпине жетүүсүнө жардам бере турган реалдуу долбоорлор сунушталса, илимди колдоого жана каржылоону тийиштүү деңгээлге жеткирүүгө даяр экендигин Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетине караштуу Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында билдирди. “Бизде Илимдер академиясынын маалыматы боюнча, курулуш материалдарына жарактуу 180 млрд куб таш бар, бирок биз аларды пайдаланбай жатабыз. Сууну жашыл энергия катары гана эмес, суутек өндүрүү катары карап, кандайдыр бир себептерден улам аны сата албай калса, аммиакка, же жер семирткичке айландыруу керек. Илимдер академиясынын алдында бизди минералдык органикалык жер семирткичтер менен камсыз кылуу жана JICA «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында иш алып баруу милдети турат» деди Акылбек Жапаров. Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, келерки жылы өлкөнүн аймактарында 20 оорукананын курулушун баштоо пландаштырылууда.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Жылдыз ДЫЙКАНОВА