"Эркин-Тоо"

Министрлер Кабинетинин башчысы: 2023-жылы республикалык бюджет 500 млрд сом өлчөмүндө бекитилди

Координацияланган финансылык, фискалдык жана акча-кредиттик саясаттын, жаңы ишканаларды ишке киргизүүнүн натыйжасында ИДПнын номиналдык көлөмү — 919,4 млрд сомду, же өсүш 107%ды түздү. Бул өз кезегинде кошуна жана Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө салыштырмалуу туруктуу жана алдыңкы көрсөткүч болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө  билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, консолидацияланган бюджеттин номиналдык өсүшү 190,6 млрд сомду, же 177%ды түздү, ошол эле учурда салыктык кирешелер 229 млрд сомго, же 100,5%га өстү.

«Эки жылда өсүү темпи 214%ды, же номиналдык жактан салыктык кирешелер 2 эсеге көбөйдү. Тартыштык 13,5 млрд сомду түздү. Айлык, пенсия-пособиелерди көтөрүп, курулуштарга, айыл чарбасына, өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыздоого, мамлекеттик карызды тейлөөгө олуттуу каражаттарды жумшаганыбызга карабастан, жылдын аягында 16,2 млрд сом каражатыбыз калды, анын ичинде бюджеттик каражаттар 9,9 млрд сомду түзөт», — деди Акылбек Жапаров жана 2023-жылы республикалык бюджет 500 млрд сом өлчөмүндө бекитилгендигин кошумчалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!